Туркия Республикасы Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

Турецкая республика оказала гуманитарную помощь Кыргызской Республике

6-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Турция мамлекетинин Президенти Реджеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында, 2020-жылдын 7-июлунда саламаттык сактоо тармагына гуманитардык жардам берүү боюнча эки мамлекеттин ортосундагы түшүнүшүү Меморандумуна кол коюлган. 

Турция мамлекетинен гуманитардык жардам Кыргызстанга 15-июль күнү келди. «Turkish airlines» авиакомпаниясынын учагы гуманитардык жардам менен «Манас» Эл аралык аэропортуна бүгүн, саат 11.00дө конду. 

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жардам төмөнкү медициналык жабдуулардан турат:

  • 20 өпкөнү жасалма дем алдыруу (ИВЛ) аппараттары;
  • 50 кычкылтек концентратору;
  • 20 миң ПЦР-тест комплекти;
  • 20 миң вирусту аныктай турган реагенттердин топтому;
  • 50 миң N95 коргоочу беткаптары;
  • 100 миң хирургиялык беткаптар;
  • 35 миң коргоочу костюмдар;2 миң коргоочу беткаптар – козыректор;
  • 10 миң гидроксихлорохин дарысынын упаковкасы.