DemirBank өздөрүнүн кардарларына үчүнчү жактар менен заманбап жана ыңгайлуу түрдө эсептешүүнү сунуштаганга кубанычта.

Уюмдардын өз кардарлары менен ич ара автоматтык түрдө эсептешүү кызматынын түрлөрүнүн бири бул “Түз дебеттөө”, мында бул сиздин кардарларыңыздан соода/кызмат үчүн болгон төлөмдүн кошумча каналы катары иштейт.

Түз дебеттөө бул – төлөөчүлөрдүн эсеп-чотунан коммуналдык/сервистик жана башка кызматтар үчун болгон автоматтык түрдө акча каражаттарын алуу эсептелет. Каражаттары алуу кызматты камсыз кылган уюмдун төлөөгө болгон эсебинин фактысы менен түз DemirBank аркылуу өтөт. 


  • Төлөөчүлөрдүн тарабынан болгон карыздардын кыскартылышы
  • Төлөмдөрдү өз убагында кабыл алуу
  • Төлөмдөрдү кабыл алууга керектелген жерлердин жана иштегендердин санынын кыскартылышы
  • Накталай эмес төлөмдөрдүн көбөйүшү, мында акча каражаттарына болгон чыгымдардын жана сактоонун тобокелдигин кыскартат
  • Ар бир абонент (төлөөчү) менен өзүнчө келишим түзүүнүн муктаждыгы жоголот. 
  • Кызмат толугу менен акысыз сунушталат
  • Каражаттарды кабыл алуу автоматтык түрдө ишке ашырылат, мында кошумча кыймыл-аракеттерди кылбастан жана ар бир төлөмдү эске тутуп калбастан муктаждыгы жоголот
  • Онлайн режиминде 24 саат бою төлөмдөргө көз жүгүртүү жана акысыз түрдө выпискаларды алуу
  • Кызматка оңой кошулуу – онлайн режиминде кошулуу мүмкүнчүлүгү (“Толук режим” аттуу интернет банкинг системасы аркылуу) же Банктын офистеринде
  • Кызматты камсыз кылуучу жак менен өзүнчө келишим түзүү муктаждыгы жоюлат.

Берилген кызмат DemirBankта эсеп-чоту бар кызматтарды камсыз кылуучу жана физикалык жактарга сунушталат.

Түз дебеттөө кызматына жазылуу: акысыз

Турак-жай коммуналдык чарбасынын/башка кызмат компанияларынын пайдасына (ДКИБ Турак-жай коммуналдык чарбасынын/башка кызмат компанияларынын процессингдик банкы) акча каражаттарын топтоо: 1% дан 2% чейин

ТКЧ кызматтарын төлөө үчүн төлөм жүргүзүү: клиринг төлөмдөрү боюнча тарифтерге ылайык

"Төлөмдөрдү автоматташтыруу" долбоору боюнча эсептердин үчүнчү жак тарабынан толуктоо: 1% дан 2% чейин