Банкомат - төлөм картасынын жардамы менен акча каражаттарын берүүгө жана кабыл алууга багытталган аппарат.

DemirBank кардарларынын ыңгайлуулугу үчүн банкоматтардын 2 түрүн сунуштайт:

  • Cash out - накталай акча каржаттарын алууга мүмкүнчүлүк берет
  • Cash in - накталай акча каржаттарын алууга жана DemirBankта ачылган эсептешүү эсебин улуттук валютада же АКШ долларында акысыз толуктоого мүмкүнчүлүк берет.

Акча каражаттарын берүү жана кабыл алуудан сырткары DemirBankтын банкоматтары башка бир нече каржылык опреацияларды жасоого мүмкүнчүлүк берет – DemirBankта ачылган үчүнчү жактардын эсептерине акча которуу, валюта алмаштыруу, эсеп балансын суроо, эсеп боюнча акыркы 10 операцияга көчүрмө чыгаруу, ошондой эле картанын ПИН-кодун алмаштыруу.



  • Операцияларыңызды коопсуз жайларда орнотулган банкоматтарда жүргүзүңүз
  • Эгерде банкоматтын жанында жат адамдар бар болсо, банкоматты колдонууга ыңгайлуураак болгон убакытты тандаңыз же башка банкомат менен колдонуңуз.
  • • Банкоматты колдонуудан алдын, банкоматтын түзүлүшүнө туура келбеген, ПИН-кодду жазуу үчүн жекарта кабыл алуу үчүн болнгон жерлеринде жайгашкан жабдуулардын бар болуусун (мисалы, туура эмес орнотулган Пин-код жазуу үчүн клавиатуранын бар болуусун) текшериңиз. Андай жабдуулардын бар болуусу аныктаган учурларда ал банкоматты колдонуудан баш тартыңыз.
  • • ПИН-кодду жаныңыздагы адамдар көрө албай тургандай түрдө жазыңыз. ПИН-кодду жазууда клавиатураны колуңуз менен бекитиңиз.
  • • Эсиңизде тутуңуз, эгерде ПИН-кодуңузд 3 жолу туура эмес киргизсеңиз, картаңыз бөгөттөлүп калат. Картаңызды бөгөттөн чыгаруу үчүн, күнү-түнү иштөөчү кардарларды колдоо борборуна төмөнкү номерлер аркылуу:+996 312 610 610, 610 613; Контакт-центр DemirBank: +996 (312) 90 90 60 же customercare@demirbank.kg электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыз болот.

Маанилүү!, Сиздин электрондук дарегиңиз Банктын маалымат базасында катталган болушу зарыл.