Улучшение инвестиционного климата
В конце августа 2021 года руководство Банка приняло участие в круглом столе на тему: «Проблемы и пути решения в улучшении системы урегулирования коммерческих и административных споров в Кыргызской Республике», на котором были сделаны доклады представителями Министерства инвестиций Кыргызской Республики, Генеральной прокуратуры Кыргызской Республики, Верховного суда Кыргызской Республики, Бизнес-омбудсменом и независимыми экспертами. Одним из важных вопросов, который обсуждался участниками круглого стола, была имеющая место практика возбуждения досудебного производства по фактам, которые носят характер гражданско-правового спора. Представителями Генеральной прокуратуры было дано пояснение, что Указами Президента от 29 января 2021 года УП № 3 «О защите собственности и поддержке предпринимателей и инвесторов» и от 4 марта 2021 года УП № 61 «О дополнительных мерах по защите субъектов предпринимательства», в целях обеспечения конституционных гарантий защиты собственности, стимулирования устойчивого роста экономики, исключения необоснованного вмешательства государства в экономическую деятельность субъектов предпринимательства, а также повышения доверия инвесторов, создания благоприятного инвестиционного климата и деловой среды, были приняты меры для прекращения необоснованного вмешательства правоохранительных, фискальных и контролирующих органов в деятельность субъектов предпринимательства, в том числе из-за невыполнения и невозможности выполнения договорных обязательств. В рамках этих указов в Генеральной прокуратуре был создан отдел по надзору за соблюдением прав предпринимателей и защите инвесторов.
К сожалению, Банк в своей практике столкнулся с подобным случаем, когда недобросовестный должник инициировал досудебное производство, в связи с чем Банк обратился в Генеральную прокуратуру с просьбой проверить законность и обоснованности проводимых правоохранительными органами процессуальных действий в отношении Банка. Хотелось бы отметить оперативное и объективное рассмотрение обращения Банка и прекращение незаконно проводимого досудебного производства. Это свидетельствует об эффективности принимаемых со стороны государства мер по защите субъектов предпринимательства и внушает уверенность в дальнейшем улучшении инвестиционного климата.
Инвестициялык климаттын жакшырышы
2021-жылдын августунун аягында Банктын жетекчилиги Кыргыз Республикасындагы коммерциялык жана административдик талаштарды жөнгө салуу тутумун жакшыртуудагы көйгөйлөр жана чечүү жолдору” деген темадагы тегерек столго катышты, анда Кыргыз Республикасынын Инвестиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлдөрү, Бизнес-Омбудсмен жана көз карандысыз эксперттер баяндама жасашты. Тегерек столдун катышуучулары талкуулаган маанилүү маселелердин арасында жарандык-укуктук талаш мүнөзүндөгү фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш козгоонун учурда болуп жаткан практикасы каралды. Башкы прокуратуранын өкүлдөрү Президенттин 29-январь, 2021-жылдагы УП № 3 “Менчикти коргоо жана ишкерлерди, инвесторлорду колдоо жөнүндө” жана 4-март, 2021-жылдагы УП № 61 “Ишкерликтин субъектилерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыктарына ылайык, менчикти коргоонун конституциялык кепилдиктерин камсыздоо, экономиканын туруктуу өсүшүнө түрткү берүү, ишкерликтин субъектилерине мамлекеттин негизсиз кийлигишүүсүн жокко чыгаруу, ошондой эле инвесторлордун ишенимин жогорулатуу, жагымдуу инвестициялык климат жана ишкерлик чөйрө түзүү максатында укук коргоо, салыктык жана көзөмөлдөөчү органдардын ишкерликтин субъектилеринин ишмердигине негизсиз, анын ичинде келишимдик милдеттенмелерди аткарбаганы жана аткаруу мүмкүн эместиги үчүн кийлигишүүсүн токтотуу үчүн чаралар көрүлгөнү жөнүндө түшүндүрүп беришти. Бул жарлыктардын алкагында Башкы прокуратурада ишкерлердин укугун сактоону жана инвесторлорду коргоону көзөмөлдөө боюнча бөлүм түзүлгөн.
Тилекке каршы, Банк өз практикасында буга окшош, кара ниет карызгер сотко чейинки өндүрүштү демилгелеген жагдайга кезиккен, ушуга байланыштуу Банк укук коргоо органдарынын Банкка карата жүргүзүп жаткан процессуалдык аракеттеринин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылган. Банктын кайрылуусунун ыкчам жана калыс каралганын жана мыйзамсыз жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүштүн токтотулганын белгилей кеткибиз келет. Бул окуя ишкерликтин субъектилерин коргоо боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугуна далил болот жана инвестициялык климаттын андан ары жакшырышына ишеним берет.