Национальный банк Кыргызской Республики предупреждает: участились случаи телефонного мошенничества!

Национальный банк Кыргызской Республики предупреждает: участились случаи телефонного мошенничества!

Используя разные способы обмана граждан посредством телефонных звонков, мошенники преследуют цель украсть ваши деньги со счетов или оформить на вас онлайн-кредит для последующего перевода.

Как это делается?

Сначала человеку звонит якобы сотрудник коммерческого банка и сообщает об утечке персональных данных или оформлении третьими лицами онлайн-кредитов от его имени. Следом подключается мнимый сотрудник Национального банка (или другого государственного органа), который под предлогом спасения денег предлагает жертве перевести их на безопасный, защищенный счет. При этом номера у злоумышленников могут быть фейковыми. Для убедительности могут отправить поддельное удостоверение или другой документ с подписью руководства Национального банка и соответствующим логотипом. При этом жертва мошенников все операции по переводу или оформлению онлайн-кредитов совершает сама, следуя инструкции мошенников.

Как можно себя защитить?

1. Прервать разговор, если вам позвонили мнимые сотрудники банка, Национального банка либо других государственных органов и сообщают об утечке ваших персональных данных или несанкционированном оформлении онлайн-кредита на ваше имя. Если вы решили дальше продолжать разговор, ни в коем случае не включайте демонстранцию экрана при разговоре, не передавайте свои персональные (конфиденциальные) данные (ИНН, коды, пин коды и т.д.), не подтверждайте никакую информацию о вас. Таким образом, лучше вовсе не отвечать на видеозвонки с неизвестных номеров в мессенджерах, а также не переходить по непроверенным интернет-ссылкам от незнакомцев.

2. Если телефонный звонок вызвал у вас сомнения, необходимо самим позвонить на официальные номера того или иного банка, указанные на сайте, в мобильных приложениях, или подойти в ближайший офис банка;

3. Помните, что банки и Национальный банк не звонят по вопросам несанкционированного оформления онлайн-кредитов или утечки персональных данных и не направляют удостоверения сотрудников и другие официальные документы по мессенджерам.

Что делать, если вы стали жертвой мошенников?

Если вы поняли, что стали жертвой мошенников, нужно немедленно сообщить об этом в банк, попросить заблокировать карту или счет, после чего в срочном порядке подать заявление в правоохранительные органы.

ПОМНИТЕ: схемы мошенников могут отличаться, но главная цель – ввести вас в заблуждение для того, чтобы вы им поверили и перевели деньги со своего счета. С того момента, как вы перевели свои средства, цель мошенников достигнута.

ВАЖНО следить за официальным интернет-сайтом Национального банка Кыргызской Республики www. nbkr.kg и официальными страницами Национального банка в социальных сетях, где размещается важная информация для потребителей: Instagram-nbkr_kg; Facebook и Telegram-каналами Национального банка, а также за новостями и уведомлениями финансово-кредитных организаций на веб-сайтах и мобильных приложениях.

Граждане могут обратиться в Отдел по защите прав потребителей Национального банка Кыргызской Республики с жалобой на действия/бездействия финансово-кредитных организаций по следующим номерам: 0770 737349, 0555 855 748, 0312 31 31 89; 0312 31 31 22; 031231 29 48

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эскертет: Телефон чалуу менен алдамчылык фактылары көбөйдү!

Телефон чалуу аркылуу жарандардын ишенимине кирип ар кандай ыкмаларды колдонуп, шылуундар сиздин эсебиңизден акчаңызды уурдап же андан ары сизге онлайн кредит тариздетип алууну көздөп жатышат.

Бул кантип ишке ашырылат?

Биринчи кезекте өзүн коммерциялык банктын кызматкеримин деп тааныштырган адам жаранга телефон чалып, жеке маалыматтын ачыкка чыгышы же анын атынан онлайн кредит алуу үчүн кайрылган үчүнчү жактар жөнүндө кабарлайт. Андан кийин Улуттук банктын (же башка мамлекеттик органдын) кызматкери болуп таанышкан адам кошулат да, акчаны сактап калуу зарылдыгын шылтоолоп, жабырлануучуну акчасын коопсуз, корголгон эсепке которууга чакырат. Ошол эле учурда алдамчылардын телефон номерлери жасалма болушу мүмкүн. Ынандыруу үчүн, алар логотип белгиси менен Улуттук банктын жетекчилигинин колу коюлган жасалма күбөлүк же башка документти жөнөтүшү мүмкүн. Ошол эле учурда, шылуундардын курмандыгы болгон жаран алдамчылардын көрсөтмөсү боюнча онлайн-кредитти тариздөө же акча которуу операцияларын өз колу менен аткарат.

Өзүңдү кантип коргой аласың?

1. Эгерде сизге өзүн банктын, Улуттук банктын же башка мамлекеттик органдардын кызматкери катары тааныштырган адам телефон чалып, жеке маалыматтарыңыздын сыртка чыгып кетиши же сизге онлайн кредит уруксатсыз таризделгендиги тууралуу билдирсе, сүйлөшүүнү токтотуңуз. Эгерде сиз андан ары сүйлөшүүнү туура көрсөңүз, сүйлөшүү учурунда экранды көрсөтпөңүз, жеке (жашыруун) маалыматыңызды (ИСН, коддор, ПИН коддор ж.б.) бербеңиз, өзүңүз жөнүндө эч кандай маалыматты ырастабаңыз. Ошондой эле мессенджерлердеги белгисиз номерлерден келген видео чалууларга жооп бербей, бейтааныш адамдардын сунушталган, текшерилбеген интернет-шилтемелерге кирбегениңиз жакшы.

2. Эгерде мындай чалуу шектенүү жаратса, банктардын веб-сайтында, мобилдик тиркемелерде көрсөтүлгөн расмий номерлерге чалышыңыз зарыл же банктын жакынкы офисине кайрылышыңыз керек;

3. Банктар жана Улуттук банк эч качан онлайн кредиттерди уруксатсыз тариздөөгө же жеке маалыматтардын сыртка чыгып кетишине байланыштуу чалбай тургандыгы жана мессенджерлер аркылуу кызматкерлердин күбөлүгүн же дагы башка документин жөнөтпөй тургандыгы эсиңизде болсун;

Эгерде сиз шылуундардын курмандыгы болуп калсаңыз, эмне кылуу керек?

Эгерде сиз алдамчылыктын курмандыгы болуп калдым деп ойлосоңуз, банкка болгон окуя тууралуу дароо кабарлап, банктык картаны же эсепти бөгөттөп коюну суранышыңыз зарыл жана тез арада укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышыңыз керек.

ЭСТЕП КАЛЫҢЫЗ!

Алдамчылардын схемалары ар кандай болушу мүмкүн, бирок башкы максаты - сизди ишендирип, эсебиңиздеги акчаны котортуу үчүн сизди адаштыруу. Сиз акчаңызды которгон учурда, шылуундар максатына жеткен болот.

МААНИЛҮҮ!

Керектөөчүлөр үчүн маанилүү маалыматтар жайгаштырылуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына www.nbkr.kg жана Улуттук банкын социалдык тармактардагы расмий баракчаларына: Инстаграм-nbkr_kg; Facebook жана Telegram каналдарына көз салып туруңуз.

Веб-сайттарда жана мобилдик тиркемелерде ФКУ жаңылыктары жана билдирүүлөрү менен таанышып туруңуз.

Финансы-кредит уюмдарынын иш-аракеттерине даттануу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнө төмөнкү номерлер боюнча кайрылсаңыз болот: 0770 737349, 0555 855 748, 0312 31 31 89; 0312 31 31 22; 0312 31 29 48