Смартфонуңуз аркылуу 3 эле кадам менен операцияларды аткарыңыз!

Тыгында, лифттин ичинде же кезекте турган учурда, сиз 20 секунданын ичинде, каржылык маселелериңизди чечип алсаңыз болот.

Жөн гана DemirBank мобилдик колдонмосун смартфонуңузга жүктөп алыңыз:                      

                                                                

        

Мобилдик банкингге кошулуу үчүн, колдонуу боюнча нускама менен таанышып чыгууну сунуштайбыз.

Мобилдик банкингдин коопсуз авторизациянын түрлөрү:

Push-билдирүү деген эмне?

Push-билдирүү кызматы Интернет-Банкингге жана мобилдик банкингге кирүү үчүн арналган. Push-билдирүүлөр мобилдик операторлорго, SIM-карталарга жана абоненттик номерлерге байланган эмес. Билдирүүлөрдү кабыл алуучу телефон эмес, мобилдик тиркеме болуп саналат. Башкача айтканда, Push-билдирүүгө суроо-талап жөнөтүү менен, сиз бир жолку сырсөзү бар билдирүүлөрдү телефонго эмес, мобилдик тиркемеңизге аласыз. Push-билдирүүлөрдүн бир жолку сырсөздөрү "Билдирүүлөр" бөлүмүндө сакталат.

QR-код деген эмне?

QR-код- жалгыз гана Интернет-Банкингге кирүүгө арналган. QR-код кызматты сизге бир жолку паролду күтпөй, Интернет-Баникингге кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Смартфонузду мониторго келтирип, штрих кодду окуттурган милдетти аркылуу, Интернет-Банкингге кирүүгө болот.

Touch ID деген эмне?

Touch ID Мобилдик банкингге бармактын белгиси аркылуу кирүүгө арналган. Touch ID аркылуу Мобилдик банкингге авторизация кылган мүмкүнчүлүгү бар. Мындай авторизация ыкмасы пайдалануу үчүн абдан жеңил, анткени бир жолку паролду киргизүүгө кереги жокко чыгарылат.