Тез акча которуулар
DemirBank өз кардарларына дүйнөнүн каалаган жерине/жеринен акча которууларды ТЕЗ жана ИШЕНИМДҮҮ жөнөтүүнү/алууну сунуштайт.
Ал үчүн Сизге бир гана өзүңузгө ыңгайлуу болгон банкта эсеп ачуусуз акча которуу системасын тандоо зарыл.
Акча которуу системасы |
"Western Union"
Жаңы тариф «12 саат» |
“MoneyGram” | «Золотая корона» |
---|---|---|---|
Кардарларга мүмкүнчүлүгү | Жөнөтүү жана алуу | Жөнөтүү жана алуу | Жөнөтүү жана алуу |
Валютасы | АКШ доллары | АКШ доллары | АКШ доллары, орус рубли, евро |
Багыты | Дүйнөнүн ар кайсы өлкөсү | Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр | Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр |
Комиссиялары | 2 АКШ долларынан баштап | 3 АКШ долларынан баштап | 0,7%,дан баштап |
Акча которууну кантип жөнөтүүгө/алууга болот
Акча которууну жөнөтүү/алуу үчүн өзүңуз менен паспортуңуз болуусу зарыл.
Акча которууну жөнөтүү үчүн төмөнкүлөр керек:
- Акча которууну жөнөтүүгө арызды толуруу жана кол коюу.
- Акча которуунун суммасын жана валютасын көрсөтүү
- Жөнөтүүчүнүн жана алуучунун маалыматын жазуу
- Акча которуунун текшерүү номерин Банктын кызматкерине алып, алуучуга жөнөтүү.
Акча которууну алуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Акча которууну алууга арызды толуруу жана кол коюу
- Акча которуунун текшерүү номерин, суммасын жана валютасын көрсөтүү
- Жөнөтүүчүнүн жана алуучунун маалыматын жазуу;
Акча которуу кийинки шарттарда берилет:
- Алуучунун паспортундагы аты жөнү электрондук билдирүүдөгү маалымат менен дал келгенде,
- Акча которуунун текшерүү номери, суммасы дал келген учурда;
Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтын бири туура эмес болгон учурда Банк акча которууну төлөп берүүдөн баш тартууга укуктуу.