Улуттук валютадагы акча которуулар
Сиз улуттук валютада акча которууларын төмөнкүлөр аркылуу жасай аласыз:
- Банктын бөлүмдөрү (КЛИРИНГ, ГРОСС, банк ичндеги акча которуулары, анын ичинде кредиттик картанын карызын жоюу)
- Интернет-банкинг (банк ичндеги акча которуулары, анын ичинде кредиттик картанын карызын жоюу). “Толук Режим опциясы туташкан шартта.
- Банктын банкоматтары (банк ичндеги акча которуулары, анын ичинде кредиттик картанын карызын жоюу)
Акча которуу жүргүзүү үчун Сизге төмөнкүлөр керек:
КЛИРИНГ - Кыргыз Республикасынын аймагындагы акча которуу системасы. Жөнөтүүчүнүн эсептешүү эсебинен алуучунун эсептешүү эсебине жүргүзүлөт.
* КЛИРИНГ боюнча бир төлөм тапшыруусунун суммасы – 1 000 000 сомго чейин
Улуттук валютада акча которуулары | 1 төлөм тапшыруусуна | |
КЛИРИНГ |
Филиалдар/сактык кассалар аркылуу саат 9:00 дон 11:00 го чейинки клиринг убакытысында өткөрүлгөн төлөмдөр |
- 5 000 сомго чейин - 5 сом;
- 5 001 сомдон 100 000 сомго чейин – 50 сом; - 100 001 сомдон 500 000 сомго чейин – 60 сом; - 500 000 сомдон ашык - 70 сом |
Интернет-Банкинг аркылуу саат 9:00 дон 11:45го чейинки клиринг убакытысында өткөрүлгөн төлөмдөр | акысыз |
ГРОССтун КЛИРИНГден болгон айырмасы төлөмдөрдүн ылдамдыгында жана көлөмүндө. Тактап айтканда, ири жана шашылыш түрдөгү төлөмдөргө колдонулат.
* ГРОСС боюнча бир төлөм тапшыруусунун суммасы – чектөөсүз
Улуттук валютада акча которуулары | 1 төлөм тапшыруусуна | |
ГРОСС |
Филиалдар/сактык кассалар аркылуу саат 9:00 дон 15:00 го чейинки гросс убакытысында (майрам күндөрү саат 14:00 го чейин) өткөрүлгөн төлөмдөр | 165 сом |
Интернет-Банкинг аркылуу саат 9:00 дон 16:00го чейинки клиринг убакытысында өткөрүлгөн төлөмдөр (майрам алдындагы күнү саат 15:00го чейин) | акысыз |
Банк ичиндеги акча которууларынын жардамы менен Сиз акча каражаттарыңызды тез которо аласыз:
- DemirBankта ачылган өздүк эсептешүү эсептеринин арасында, анын ичинде кредиттик картанын карызын жоюу;
- өздүк эсептешүү эсептеринен үчүнчү жактардын DemirBankта ачылган эсептешүү эсептерине.
Банк ичиндеги акча которуулары: | |
Улуттук валютада:(кыргыз сому): | |
Банктын бөлүмдөрү аркылуу, кардардын эсептеринин арасында | акысыз |
Банктын бөлүмдөрү аркылуу, үчүнчү жактардын эсептерине | 120 сом |
Интернет-Банкинг аркылуу | акысыз |
DemirBank банкоматтары аркылуу | акысыз |
Интернет-банкингди кандай туташтырса болот?
- Банктын каалагн бөлүмүнөн эсептешүү эсеп ачыңыз
- Интернет-Банкинг туташтырууга арыз жазып, системага кирүү сыр сөздөрү бар конвертти/Е-Токен алыңыз
- Система мене колдонуп убакытыңызды үнөмдөңүз!