Жүгүртмө капитал үчүн насыялар
Демир Банк, үзгүлтүксүз өндүрүштүк процессетерин каржылоого, сатып алуулардын көлөмү чоң болгон учурдагы мезгилдик жана сатуу жеңилдетүүлөрдү алууга, ошондой эле 2 жылга чейинки мөөнөткө жүгүртмө каражаттарын толуктоого багытталган жүгүртмө капиталга болгон насыяларды сунуштайт.
Насыя берүү түрлөрү:
• бир жолку насыя - төлөм графиги бар насыянын классикалык түрү;
• жаңылануучу насыя линиясы - белгиленген мөөнөттүн жана лимиттин алкагында бир нече транштарды көп жолу колдонуу жана жоюу мүмкүнчүлүгү менен насыялар;
• овердрафт – насыя лимитинин чегинде, эсептеги суммадан көп өлчөмдөгү төлөмдөр, акча каражаттарын алуу, конвертациялоо. Карызды жоюу автоматташтырылган, эсепте акча каражаттары болгон учурда ишке ашырылат.
ДЕМИР БАНКТЫН НАСЫЯЛАРЫ – СИЗДИН КОШУМЧА ЭНЕРГИЯ БУЛАГЫ!
Кичи жана Орто бизнес кардарларына |
100 000 сомдон баштап
2 000 АКШ доллардан баштап |
Улуттук валюта (сом) менен пайыздык коюм % |
17% жылдык пайыздык чени (баштап)*
*Эффективдүү пайыздык чени - 18,66% |
АКШ доллары менен менен пайыздык коюм % |
12% жылдык пайыздык чени (баштап)*
*Эффективдүү пайыздык чени - 12,87% |
Корпоративдик кардарларга |
450 000 000 сомго чейин 4 500 000 АКШ долларга чейин |
Улуттук валюта (сом) менен пайыздык коюм % |
17% жылдык пайыздык чени (баштап)*
*Эффективдүү пайыздык чени - 18,66 |
АКШ доллары менен менен пайыздык коюм % |
12% жылдык пайыздык чени (баштап)*
*Эффективдүү пайыздык чени - 12,87% |
Эскертүү: |
Натыйжалуу пайыздык ченди тагыраак эсептөө үчүн Банктын адисине кайрылыңыз |
Насыя мөөнөтү | 3 айдан 24 айга чейин |
Тындыруу графиги |
- аннуитет – негизги карыздын суммасы жана пайыздар ай сайын бирдей суммада төлөнөт
- жекече (бизнестин өзгөчөлүгүн эсепке алуу менен) |
Күрөөлүк камсыздоо |
- кыймылсыз мүлк
- кыймылдуу мүлк (автотранспорт, жабдуу, жүгүртүүдөгү товарлар) |
|
Эгер суроолор пайда болсо, анда Контакт борборуна төмөнкү номер аркылуу кайрылсаңыздар болот:
+996 312 90 90 60
Насыяны кантип алса болот?
- Керектелүүчү документтерди даярдаңыз;
- Арыздын үлгүсүн толтуруңуз: - юридикалык жак үчүн (жүктөө ); - жеке ишкерлер үчүн (жүктөө );
- Банктын каалаган бөлүмүнө толтурулган арыз жана документтердин пакети менен кайрылыңыз.