Эквайринг
Тарифтер
Соода эквайринг
Интернет эквайринг
Документтердин тизмеси
Интернет-эквайринг
- Чекилер эсеп ачуу үчүн талап кылынган документтер пакети (эсеп ачуунун алдында болсо);
- Жаңыланган негизги документтер пакети (эсеп ачылган болсо);
- Интернетте коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзүү укугун тастыктаган документтер (бар болсо);
- Бизнес өнөктөштөрү менен келишимдердин көчүрмөсү (эгер бар болсо);
- Кардарлар/жеткизүүчүлөр менен келишимдердин көчүрмөсү (бар болсо);
- Бизнес процесстердин сүрөттөмөсү;
- Акыркы жылдын финансы отчету;
- Банк тарабынан талап кылынган башка документтер;
Заявление
POS-терминалдар
POS-терминал — соода жана кызмат көрсөтүү ишканаларында товарлар же кызматтар үчүн карта аркылуу төлөм жүргүзүүгө арналган жабдуу.
DemirBank Кыргызстан боюнча орнотулган POS-терминалдардын саны боюнча лидерлигин сактап келет. Бүгүнкү күндө жалпы POS-терминалдардын саны 2575ке жетти. Алардын ичинен 2300ү PayWave контаксыз төлөм функциясы менен жабдылган.
DemirBank’тын карталары аркылуу POS-терминалдарда накталай эмес төлөм жүргүзүү кошумча артыкчылыктарга ээ — арзандатууларды жана бонустарды алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Эгерде сиз жеке ишкер болсоңуз жана соода жүгүртүүнү көбөйткүңүз келсе, анда DemirBankтын каалаган филиалына (аманат кассаларынан тышкары) POS-терминал орнотуу жана келишим түзүү үчүн кайрылсаңыз болот.
Товарлар жана кызматтар үчүн накталай эмес төлөм жүргүзүүдө карталарды колдонуу боюнча сунуштар:
- Ишеним жаратпаган соода жана кызмат көрсөтүү жайларында төлөм карталарын колдонбоңуз.
- Төлөм картасы менен жүргүзүлгөн операциялар Сиздин көз алдыңызда аткарылышын талап кылыңыз. Бул картада көрсөтүлгөн жеке маалыматыңыздын мыйзамсыз колдонулушунун тобокелдигин азайтууга жардам берет.
- Картаны колдонуп төлөм жүргүзгөндө, кассир сизден чекке кол коюуну жана ПИН-кодду терүүнү сурашы мүмкүн. ПИН-кодду терүүдөн мурун, айланаңыздагы адамдар аны көрө албаганына ынаныңыз. Чекке кол коюудан мурда, анда көрсөтүлгөн сумманы сөзсүз текшериңиз.
Безопасность
Карта менен интернет төлөмдөрдү жүргүзөөрдөн мурун төмөнкүлөргө көңүл бургула:
- Банк картаны ишенимдүү жерде сактаңыз;
- Банктык эсебиңизден мыйзамсыз акча чыгаруу операцияларын алдын алуу максатында интернеттен сатып алууларды төлөө үчүн Виртуалдык картаны колдонуу сунушталат. ВК кредиттик картаны иштеп чыккандан кийин гана түзүлөт. Маанилүү нерсе: кредиттик картанын чеги ВК чегине барабар;
- Интернеттеги операцияларды жүргүзүүдө интернет-дүкөндүн коопсуз экендигин текшериңиз текшерилген сайттардан гана кызматтарды колдонуп, сатып алууларды өз компьютериңизден жасаңыз, интернет-кафеде эмес, себеби анда шпиондук программалар орнотулушу мүмкүн;
- Интернет операцияларын коопсуз жүргүзүү үчүн 3D-Secure коопсуздук технологиясын колдогон сайттарда төлөмдөрдү жүргүзүүнү сунуштайбыз;
- Кызматтарды төлөө жана товарларды жеткирүү боюнча электрондук почта аркылуу келген документтерди жана отчетторду сактаңыз
- Интернет-банкингде карталарыңыз боюнча жүргүзүлгөн операциялардын тарыхын дайыма карап чыгыңыз.
Төлөм өтпөй жатса эмне кылуу керек (карта кармоочулар үчүн)
- Картада жетиштүү акча жок;
- Картадагы акчанын бир бөлүгү бөгөттөлгөн, банкыңызга кайрылыңыз;
- Картаңыз боюнча интернет төлөмдөрү тыюу салынган. Бул туурабы билүү үчүн банкыңыз менен байланышыңыз;
- Карта алдамчылык шектөөлөрү үчүн бөгөттөлүшү мүмкүн. Эгер ошондой болсо, сизге кабарлап, карта кайра чыгарылат;
- Кээ бир банктар белгилүү категориядагы интернет-дүкөндөрдө жана кызматтарда операцияларды тыят: мисалы, букмекерлер же казино. Мындай чектөөлөр тууралуу банкыңыздан сураңыз;
- Өлкөңүз үчүн сатып алууга тыюу салынган. Бул көбүнчө интеллектуалдык менчик продуктуларына тиешелүү жана алардын таратылышына чектөө менен байланыштуу.
Алдын ала билүү керек болгон нерселер
Картаңызды интернет аркылуу онлайн төлөмдөр үчүн колдонордон мурун, картаны берген банктан төмөнкүлөрдү билип алыңыз:
- Картаңызды интернет-дүкөндөрдө колдоно аласызбы жана интернет төлөмдөрүнө жеткиликтүүлүк ачыкпы. Эгер картаңызда интернет төлөмдөрү жок болсо, онлайн операциялар үчүн жеткиликтүүлүктү ачуу жөнүндө банкка жазуу менен кайрылыңыз;
- Төлөмдү жасоо үчүн картаңызда жетиштүү каражат барбы;
- Картаңыз активдүүбү, башкача айтканда төлөм учурунда картаңыздын мөөнөтү бүтпөгөнбү;
- Картаңызды колдонууга кандайдыр бир чектөөлөр барбы (эсептеги акчанын бөгөттөлүшү, картанын бөгөттөлүшү ж.б.).