DemirBankтын «Арууке» программасы: ишкер айымдар үчүн кредиттер

DemirBank ишкер айымдар үчүн атайын каржылоону сунуштаган «Арууке» программасын ишке киргизди. Программа аялдардын бизнесин ар бир этапта — стартапты ачуудан тартып, иштеп жаткан бизнести кеңейтүүгө чейин колдоо максатында түзүлгөн.

Пайыздык чен — жылдык 17%дан баштап.

Каржылоо мөөнөтү — 60 айга чейин.

Кредитти товарлардын ассортиментин толуктоого, материалдардын запасын көбөйтүүгө, кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүүгө, жаңы багыттарды ишке киргизүүгө, бизнести кеңейтүүгө, жаңы соода же тейлөө түйүндөрүн ачууга жана ишиңиздин өсүшүнө көмөктөшкөн башка максаттарга жумшай аласыз.

Программанын катышуучулары үчүн атайын сунуштар

  • Банк эсебин ачуу — акысыз
  • VISA / Mastercard картасын чыгаруу жана 2 жыл тейлөө — акысыз
  • Интернет-банкинг — акысыз
  • Айлык акы долбоору — акысыз
  • POS-терминал / QR орнотуу — акысыз
  • POS-транзакциялардан түшкөн каражаттарды сом менен накталай алуу — акысыз
  • SWIFT акча которуулары — 25% арзандатуу
  • Сейф уячалары — 25% арзандатуу

«Арууке» — бул каржылоодон да көп. Бул Кыргызстанда өз ишин ачып, өнүктүрүп жаткан айымдар үчүн колдоо, мүмкүнчүлүктөр жана атайын шарттар.

Толук маалымат алуу үчүн DemirBankтын жакынкы филиалына кайрылыңыз же 2222 номерине чалыңыз. Адистерибиз программанын шарттары тууралуу айтып берип, суроолоруңузга жооп беришет.