Ипотека
Ипотекалык насыяны кантип алса болот?
1. Тиешелүү документтерди даярдаңыз.
Документтердин тизмесин карап чыгыңыз.
2.Арызды толтуруңуз.
Арызды онлайн толтуруңуз.
3.Банкка кайрылыңыз.
Банктын каалаган бөлүмүнө толтурулган арыз жана документтердин пакети менен кайрылыңыз.
4.Кароо
Арыз 5 иш күндүн ичинде каралат, андан кийин Банктын чечими сизге кабарланат.
* Насыяны кароо мөөнөтү банктын чечими боюнча узартылышы мүмкүн.
Насыя тууралуу кошумча маалымат
Карыз алуучу төмөнкү укутарга ээ:
- Насыялык келишимге кол коюлган учурдан баштап, насыялык каражаттар алынганга чейин насыя алуудан акысыз баш тартууга укуктуу;
- Келишимдин долбоорун жана ага тиркелген бардык документтерди таанышуу үчүн колго алуу, бул учурда келишим менен таанышуу үчүн убакыт бир календардык күндөн кем эмес жана келишимге кол коюлганга чейин үч күндөн ашык эмес болушу керек;
- Кийинчерээк насыянын мөөнөтүн узартуу же шарттарын өзгөртүү боюнча Банкка кайрылууга укуктуу, бирок Банк баш тартууга укуктуу;
- Насыя төлөмдөрүн, айып пулдарды жана айып санкцияларын эсептөө тартиби боюнча түшүндүрмөлөрдү алууга;
- Насыяны насыялык келишимде белгиленген шарттарда мөөнөтүнөн мурда төлөөгө;
- Насыянын негизги суммасын 50% дан ашык төлөп бүткөн учурда, калган карыз суммасынан кеминде эки эсе кымбат турган жаңы күрөө коюу боюнча Банкка кайрылууга укуктуу (Банктын каалоосу боюнча);