Мобилдик банкинг
«Push-билдирүү» деген эмне?
Push-билдирүү — бул сиздин смартфонуңуздун экранында банктык колдонмодон автоматтык түрдө пайда болгон билдирүү, ал учурда колдонмо иштебесе дагы. Бул билдирүүлөр сиздин эсептериңиз жана банк карталарыңыз боюнча маанилүү операциялар жана окуялар жөнүндө реалдуу убакытта маалымат берет.
Мисалы, push-билдируу аркылуу сиз төмөнкү маалыматтарды ала аласыз:
- каражаттардын келип түшүүсү же чыгарылышы жөнүндө;
- сатып алуулар жана которуулар боюнча төлөмдөр жөнүндө;
- картанын бөгөттөлүшү же лимиттердин өзгөртүлүшү жөнүндө;
- мобилдик банкингде операциялардын башталышы же аякташы жөнүндө.
Push-билдирүүлөрдүн артыкчылыгы — SMS күткөнгө же колдонмого өз алдынча кирүүгө муктаж болбостон,эсептер боюнча аракеттерди заматта көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Алар акысыз жана интернет байланышы болгондо иштейт.
Push-билдирүү жардамы менен сиз эсептериңиз жана карталарыңыз боюнча бардык операцияларды реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөй аласыз!
QR-код жана QR Pay
QR-код аркылуу интернет-банкингге кирүү
Интернет-банкингге ылдам жана коопсуз кирүү: бир жолу колдонулуучу сырсөз же SMS керек эмес!
Муну жасоо үчүн:
- DemirBank мобилдик тиркемесиндеги QR-сканерди ачыңыз;
- DemirBank сайтындагы «Интернет-банкинг» бетин ачыңыз;
- Смартфонуңузду экранга жакындатып, сайттагы QR-кодду сканерлеңиз;
- Тиркемеде интернет-банкингге кирүүнү тастыктаңыз;
- Даяр!
QR Pay
Сатып алууларыңызды бир тийүү менен төлөңүз! DemirBank тиркемеси аркылуу сатуучунун QR-кодун сканерлеңиз:
- Кардар үчүн комиссия жок
- Коопсуз байланышсыз төлөмдөр
- Акчалар дароо эсепке түшөт
QR Pay мүмкүнчүлүктөрү:
- Жеткирүү – тамак, кийим, азык-түлүк, дары-дармек
- Дүкөндөр – чакан киосктордон соода борборлорундагы бутиктерге чейин
- Кызматтар – кафе, ресторандар, сулуулук салондору
QR Pay колдонууну кантип баштоого болот?
- DemirBankтын каалаган бөлүмүндө эсеп ачып, карта заказ кылыңыз;
- DemirBank мобилдик тиркемесин жүктөп алыңыз;
- Тиркемеде катталып, онлайн-банкингди туташтырыңыз;
- Даяр! QR Pay'ди азыр эле колдоно баштаңыз!
QR-транзакциялары
Картаңызды унуттуңузбу? Көйгөй жок! DemirBank тиркемеси аркылуу:
- банкоматтардан акча алуу жана эсебиңизди толуктоо;
- эсептер ортосунда которуулар;
- QR Pay аркылуу сатып алууларды төлөө.
QR-транзакциялары – бул акчаны башкаруунун ылдам жана коопсуз жолу. QR-коддо шифрленген маалыматты жасалмалоо мүмкүн эмес, ал эми DemirBank тиркемесинин ыңгайлуу интерфейси ар дайым ыкчам операцияларды жүргүзүүгө шарт түзөт.
QR-код менен эмне кылса болот?
Накталай акча операциялары: DemirBank банкоматынын экранындагы QR-кодду тиркеме аркылуу сканерлеп, акча алууга же салууга болот.
Акча которуулар: DemirBank тиркемесинде алуучунун QR-кодун сканерлөө же аны галереядан тандоо аркылуу акча жөнөтүңүз..
Face ID жана Touch ID
Face ID жана Touch ID - бул биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен мобилдик банкингге кирүүнүн ыңгайлуу жолдору. Face ID сиздин жүзүңүздү сканерлейт, ал эми Touch ID манжа изиңизди колдонот.
Эми бир жолку сырсөздөрдү киргизүүнүн кереги жок! Коопсуз кирүү үчүн бир карап же бир тийүү жетиштүү.
Ыкчам онлайн-төлөмдөр
Чыгымдарды жана кызматтарды төлөө менен байланышкан кыйынчылыктарды унутуңуз! DemirBank мобилдик тиркемеси менен төлөмдөр оңой жана тез — түз эле телефонуңуздан, күндүн каалаган убактысында ишке ашат.
Тиркеме аркылуу төмөнкү төлөмдөрдү жүргүзсөңүз болот:
- Коммуналдык кызматтар: суу, жарык, газ жана жылытуу – өлкө боюнча 200дөн ашуун жабдуучулар;
- Мобилдик байланыш жана интернет: Кыргызстандагы бардык мобилдик операторлордун кызматтары, 20дан ашуун интернет-провайдерлер;
- Мамлекеттик төлөмдөр: салык, айып пулдар жана муниципалдык кызматтар;
- Билим берүү: өлкөдөгү жогорку окуу жайлар жана мектептер үчүн окуу акысы;
- Көңүл ачуу: эң популярдуу онлайн оюндарга жана социалдык тармактарга эсептерди толуктоо;
- Лайфстайл: иш-чараларга билет сатып алуу, жеткирүү кызматтары, «Тулпар» картасын толуктоо жана дагы көптөгөн нерселер!
Эмне үчүн бул ыңгайлуу?
- ✓ Кезекке туруунун жана банкка баруунун кереги жок
- ✓ Телефондон бир нече баскыч менен төлөм жүргүзүү
- ✓ 24/7 дүйнөнүн каалаган жеринен жеткиликтүү
- ✓ Коопсуз жана ишенимдүү
Миңдеген ыраазы болгон колдонуучулардын катарына кошулуңуз! Төлөмдөрүңүздү бизге таштаңыз жана чындыгында маанилүү нерселерге убакыт бөлүңүз.
Салыктар
Салыктарды онлайн төлөңүз - тез жана ыңгайлуу! Эми DemirBank мобилдик тиркемесиндеги «Салык төлөмдөрү» бөлүмүндө салыктарды эсептеп, төлөй аласыз. Бул функция бардык түрдөгү салык төлөмдөрү үчүн иштейт.
Салыктардын бардык түрлөрү
- Өзүңүздүн ИЖНди текшериңиз же башка ИЖНди киргизиңиз;
- Аймакты жана айыл аймагын тандаңыз;
- Салык түрүн жана бюджеттик классификация кодун тандаңыз;
- Салык төлөө эрежелери менен таанышып, бул пунктту "кушбелги" менен белгилеңиз;
- Керектүү сумманы киргизип, «Улантуу» баскычын басыңыз;
- Маалыматтарды текшериңиз жана «Ырастоо» баскычын басыңыз – даяр!
Кыймылсыз мүлк салыгы:
- Өзүңүздүн ИЖНди текшериңиз же башка ИЖНди киргизиңиз;
- Мүлктүн КМБ кодун киргизиңиз;
- Салык мөөнөтүн жана мүлктүн түрүн тандаңыз;
- Кошумча коэффициенттерди көрсөтүңүз;
- Салык төлөө эрежелери менен таанышып, бул пунктту "кушбелги" менен белгилеңиз;
- «Салык суммасын эсептөө» баскычын басыңыз;
- Эсептөөнү текшериңиз жана «Ырастоо» баскычын басыңыз – даяр!
Транспорт салыгы:
- Өзүңүздүн ИЖНди текшериңиз же башка ИЖНди киргизиңиз;
- Транспорттун мамлекеттик номерин киргизиңиз;
- Салык мөөнөтүн жана транспорттун түрүн тандаңыз;
- Салык төлөө эрежелери менен таанышып, бул пунктту "кушбелги" менен белгилеңиз;
- «Салык суммасын эсептөө» баскычын басыңыз;
- Эсептөөнү текшериңиз жана «Ырастоо» баскычын басыңыз – даяр!
Төлөм коду боюнча салыктар:
- Мамлекеттик салык кызматынын сайтынын төлөм кодун киргизиңиз;
- Салык суммасы автоматтык түрдө толтурулат;
- Эсептөөнү текшериңиз жана «Улантуу» баскычын басыңыз – даяр!
Айып пулдар
DemirBankтын мобилдик тиркемеси менен айып пулдарды текшерүү жана төлөө дагы да жеңилдеди!
Бул тиркеме аркылуу төмөнкүлөрдү текшере аласыз:
- Административдик мыйзам бузуулар;
- Кол менен жазылган жол эрежелерин бузуу боюнча протоколдор;
- «Коопсуз шаар» камералары аркылуу катталган айып пулдар.
Айып пулду жеңилдетүү мөөнөтүнүн ичинде төлөп, арзандатууга ээ болуу жана төлөм суммасын кыскартуу мүмкүнчүлүгү менен пайдаланыңыз.
МААНИЛҮҮ!! Сервис башка колдонуучулардын купуялуулугун сактап, сиздин гана жеке айып пулдарыңызды көрсөтөт.
Убактыңызды жана каражатыңызды үнөмдөңүз — айып пулду бир эле жерден текшерип, төлөңүз!