Мобилдик банкинг

«Push-билдирүү» деген эмне?

Push-билдирүү — бул сиздин смартфонуңуздун экранында банктык колдонмодон автоматтык түрдө пайда болгон билдирүү, ал учурда колдонмо иштебесе дагы. Бул билдирүүлөр сиздин эсептериңиз жана банк карталарыңыз боюнча маанилүү операциялар жана окуялар жөнүндө реалдуу убакытта маалымат берет.

Мисалы, push-билдируу аркылуу сиз төмөнкү маалыматтарды ала аласыз:

  • каражаттардын келип түшүүсү же чыгарылышы жөнүндө;
  • сатып алуулар жана которуулар боюнча төлөмдөр жөнүндө;
  • картанын бөгөттөлүшү же лимиттердин өзгөртүлүшү жөнүндө;
  • мобилдик банкингде операциялардын башталышы же аякташы жөнүндө.

Push-билдирүүлөрдүн артыкчылыгы — SMS күткөнгө же колдонмого өз алдынча кирүүгө муктаж болбостон,эсептер боюнча аракеттерди заматта көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Алар акысыз жана интернет байланышы болгондо иштейт.

Push-билдирүү жардамы менен сиз эсептериңиз жана карталарыңыз боюнча бардык операцияларды реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөй аласыз!