Депозиттер
Мобилдик Банкингде депозитти кантип ачса болот?
- Мобилдик тиркемеден “Депозиттер” бөлүмүнө кириңиз

- “Депозит ачуу” дегенди басыңыз

- Шарттар менен таанышыңыз

- Депозиттин чоо-жайын киргизиңиз. "Улантуу“ баскычын басыңыз

- Куттуктайбыз! Сиз депозитти ийгиликтүү ачтыңыз!

Банк бөлүмүнө келбей эле кантип депозит ачса болот? *
Акча каражаттарыңызды көбөйтүңүз — DemirBankтын "Стандарт" мөөнөттүү депозитин тандаңыз!
- DemirBankтын Интернет-Банкингине кириңиз жана «Эсептер» бөлүмүн тандаңыз.
- Менюдан «Ачуу» пунктун тандаңыз.
- Сизге ылайыктуу валютаны тандап, «Кийинки» баскычын басыңыз.
- Депозиттин чоо-жайын киргизип, «Ачуу» баскычын басыңыз.
- Куттуктайбыз! Депозит ийгиликтүү ачылды!
* Интернет-Банкинг аркылуу депозит ачуу мүмкүнчүлүгү пайыздары мөөнөтүнүн аягында төлөнүүчү "Стандарт" мөөнөттүү депозитине гана тиешелүү.
Пайыздары ай сайын төлөнүүчү депозит ачуу үчүн Банктын каалаган бөлүмүнө кайрылуу керек.
Жеке жактарга депозиттер боюнча тарифтер
Депозиттерди коргоо агенттиги

Депозиттерди коргоо фонду (мындан ары — Фонд) — Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык шарттар жана тартипте Агенттик тарабынан башкарылып, катышуучулардын төгүмдөрүнүн эсебинен түзүлгөн фонд болуп эсептелет.
Фонддун максаттуу көрсөткүчү — Фонддун каржылык туруктуулугун камсыз кылуу жана кепилдик төлөмдөрдү аткарууда каражат тартыштыгына жол бербөө үчүн жетиштүү көлөмдөгү каражатты топтоо.
Фонддун көлөмүн жана катышуучу банктардын төлөмдөрүн аныктоо үчүн коммерциялык банктар тарабынан берилген маалыматтар колдонулат. Аталган маалыматтар жеке жактардын депозиттеринин түзүмүн (резиденттер жана резидент эместер), депозиттик эсептердеги калдыктарды (анын ичинде чет элдик валютадагы депозиттерди) жана салым ээлеринин (кардарлардын) санын камтыйт. Бул учурда, нөлдүк калдыгы бар эсептердин ээлерин кошо эсептегенде, салым ээлеринин жалпы саны эске алынат. Эгерде бир кардарда бир эле банкта бир нече эсеп бар болсо, алардын баары бириктирилип, бир эсеп катары каралат.
Эсептөөлөр үчүн колдонулуучу жеке жактардын депозиттеринин суммасы алардын депозиттик эсептериндеги каражаттардын негизинде аныкталат.
Кепилдик учур — Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банктык иш жөнүндө» мыйзамына жана турак-жай кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарга ылайык, Улуттук банк тарабынан банк, микрофинансылык компания же турак-жай кредиттик компаниясынын лицензиясынын кайтарылып алынышы.