Насыялар
Кантип насыя алууга болот?
1. Керектелүүчү документтерди даярдаңыз
Керектүү документтердин тизмеси
2.Өтүнмөнү толтуруңуз
Өтүнмөнү онлайн толтуруңуз
3.Банкка кайрылыңыз
Банктын каалаган бөлүмүнө толтурулган арыз жана документтердин пакети менен кайрылыңыз
4.Кароо
Арыз 5 иш күндүн ичинде каралат, андан кийин Банктын чечими сизге кабарланат
* Насыяны кароо мөөнөтү банктын чечими боюнча узартылышы мүмкүн.
Кошумча маалымат
Банктан насыя алуучу төмөнкү укуктарга ээ:
- Кредиттик келишимге кол коюлган учурдан тартып акча каражаттары алынганга чейин насыя алуудан акысыз негизде баш тарта алат;.
- Жобо келишимин жана ага тиркелген бардык документтерди таанышуу үчүн алууга укуктуу, бирок келишим (келишимдер) менен таанышууга убакыт бир календардык күндөн кем эмес жана келишимге кол коюлганга чейин үч күндөн ашык эмес болушу керек,
- Банкка кийинчерээк насыяны пролонгациялоо же реструктуризациялоо боюнча өтүнүч менен кайрылууга укугу бар, ал эми Банк карыз алуучуга бербей коюуга укуктуу.
- Насыя, туум жана айып санкциялары боюнча төлөмдөрдү эсептөө тартиби тууралуу түшүндүрмө алуу.
- Кредиттик келишимде белгиленген шарттарда насыяны мөөнөтүнөн мурун төлөө.
- Насыянын негизги суммасын 50%дан ашык төлөп бүткөн учурда, калган карыз суммасынан кеминде эки эсе кымбат турган жаңы күрөө коюу боюнча Банкка кайрылууга укуктуу (Банктын каалоосу боюнча);
Документтер
Онлайн кредитти кантип төлөө керек?
DemirBank мобилдик тиркемесинде онлайн насыяны төлөө автоматтык түрдө ишке ашырылат. Система керектүү сумманы банктагы негизги эсебиңизден чечип алат.
Кредитти төлөө үчүн сиз:
- DemirBankтагы эсебиңизге каалаган банктын төлөм терминалдары аркылуу накталай акча салсаңыз болот
- DemirBankтагы эсебиңизди төмөнкү жолдордун бири менен толуктасаңыз болот: QR-код аркылуу, эсеп номери аркылуу же телефон номери аркылуу.
Эсепти төлөө күнү төлөм графиги боюнча толуктагандан кийин, система автоматтык түрдө кредитти төлөө үчүн керектүү сумманы эсебиңизден чечип алат. Төлөмдөрдү DemirBank мобилдик колдонмосунан көзөмөлдөсөңүз болот.