Карталар
Тарифтер
Кредиттик карталар
Дебеттик карталар
«Элкарт» улуттук картасы
Карталар эмне үчүн керек?
Банк картасы бул банктагы эсепке жеткиликтүү төлөм каражаты.

DemirBank төмөнкү банк карталарынын түрлөрүн сунуштайт:
- DemirBank өз кардарларына эл аралык жана улуттук төлөм системаларынын карталарын сунуштайт: Visa International, MasterCard Worldwide жана Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга ылайыкталган Элкарт карталары
- Функционалы боюнча:
- Дебеттик (Visa Classic, Visa Gold, Visa Platinum, Mastercard Standard, Mastercard Gold, Mastercard Platinum) картанын/эсептин өз каражаттарынын чегинде операциялар жүргүзүлөт.
- Кредиттик (Visa Classic, Visa Gold, Visa Platinum, Mastercard Standard, Mastercard Gold, Mastercard Platinum): Банк тарабынан белгиленген кредиттик лимиттин алкагында операция жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
- “Элкарт” улуттук картасы- Кыргыз Республикасынын аймагындагы банкоматтар аркылуу эмгек акы, пенсия, жөлөк пул алуу үчүн жана накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн колдонулат.
Банк карталары төмөнкү максаттарда колдонулат:
- DemirBankтын банкоматтары аркылуу накталай акча алуу, эсепти толуктоо, ички банктык которууларды жүргүзүү;
- DemirBank же башка банктардын POS-терминалдары аркылуу соода жана тейлөө жайларында товар/кызмат үчүн накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү;
- Интернет аркылуу товар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүү;
- Жеңилдетилген мезгилде пайызсыз кредиттик лимитти пайдалануу.
Интернет-төлөмдөр
DemirBankтын карталары (Элкарт төлөм системасынан башкасы) аркылуу интернетте төлөм жүргүзүү үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:
- DemirBankта эсеп ачыңыз;
- Карта алыңыз;
- Интернет-дүкөндүн сайтына кирип, керектүү товарды/кызматты тандап, төлөө барагын толтуруңуз;
- Карта маалыматын жана телефонго SMS аркылуу келген бир жолку сырсөздү киргизиңиз.
- 3D Secure технологиясын колдогон интернет-дүкөн сайтында төлөм жүргүзүү учурунда, мобилдик телефонуңузга SMS аркылуу келген бир жолку сырсөздү киргизүү керек болот (мобилдик номериңиз DemirBankта катталган болушу шарт).
Кредиттик лимит
Кредиттик лимит — бул банк тарабынан кардарга анын кредиттик тарыхына жана каржылык жөндөмдүүлүгүнө жараша бере турган максималдуу сумма. Бул лимит кардар канча суммага чейин кредиттик каражаттарды кредиттик карта аркылуу колдоно алаарын аныктайт.
- Кредиттик лимит банктын филиалында белгиленет, ал эми анын өлчөмүн мобилдик банкинг аркылуу көрүүгө болот.
Кредиттик лимитти кантип көбөйтүп же азайтса болот?
Кредиттик лимитти көбөйтүү же азайтуу үчүн сиз банктың филиалына кайрылышыңыз керек:- Кредиттик карта боюнча лимитти жогоролулатуу үчүн банктын кеңсесине арыз менен кайрылуу керек
- Төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
- акыркы 6 айдагы айлык төлөмдөр боюнча эсеп чыгармасы,
- иш ордунан айлык акысы көрсөтүлгөн маалымкат же кошумча кирешелерди көрсөтүү,
- Жеке күбөлөндүрүүчү документтер.*
*Айлык маяна долбооруна катышпаган кардарлар үчүн
- Эскертүү: Кошумча маалымат алуу үчүн колдоо кызматына же жакынкы филиалга кайрылыңыз.
Карызды карта менен төлөө
Кредиттик картаңыз боюнча карызды төлөөнүн бир нече ыңгайлуу жолу бар, өзүңүзгө ылайыктуусун тандаңыз:- АЙ САЙЫН төлөө күнү автоматтык түрдө кармалып калуусу үчүн сом эсебиңизде керектүү суммадагы каражатты камсыздап туруу.
- МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА кредиттик карта боюнча карызды жабуу/овербалансты өз алдынча толтуруу төмөнкү жолдор аркылуу жүргүзүлөт:
- DemirBankтын банкоматы аркылуу: кредиттик картаңызды банкоматка салып, «Көчүрмө боюнча төлөм» менюсун тандаңыз;
- DemirBankтын Интернет-банкинги аркылуу («толук режимде»);
- DemirBankтын филиалдарындагы кассалардагы POS-терминалдар аркылуу.
Кредиттик картаңыздын өткөн айдагы көчүрмөсү:
- Сиз көрсөткөн электрондук почта дарегине жөнөтүлөт.
- Интернет-банкингде өз алдынча түзүлөт.
- Банкка келип, кагаз түрүндө алсаңыз болот.
ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН МӨӨНӨТ
Бул сатып алуу жасалган күндөн тартып кийинки төлөм күнүнө чейинки пайызсыз мөөнөт болуп саналат, накталай эмес төлөмдөр үчүн гана колдонулат.

Мисалы:
Интернет-төлөмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында DemirBankтын бардык карталары (Элкарт төлөм системасынан тышкары) 3D-Secure кызматына кошулган. 3D-Secure технологиясын колдогон сайттарда операция жүргүзүү учурунда карта ээси ар бир транзакцияны уникалдуу сырсөз менен тастыктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот, бул максималдуу коопсуздукту камсыздайт. Сырсөз карта ээсинин Банкта катталган мобилдик телефон номерине SMS-билдирүү түрүндө жөнөтүлөт.
МАНИЛҮҮ!: Эгер карта ээсинин кредиттик картасы аркылуу банкоматтан же банктын кассасынан акча алынган болсо, пайыздар чегерилген сумма боюнча колдонулуучу күндөрдүн санына жараша эсептелет (Банктын тарифтерине ылайык).
(*) - Сатып алуу күнү каалаган күнү болушу мүмкүн, бирок төлөө күнү кредиттик келишимде көрсөтүлгөн белгилүү бир күн.
Карталарды коопсуз колдонуу
2016-жылдын 28-январынан баштап DemirBank интернет аркылуу товарлар жана кызматтар үчүн коопсуз төлөм жүргүзүү максатында Visa дебеттик жана кредиттик карталары үчүн 3D Secure технологиясын ишке киргизген. Visa Electron, Visa Classic, Visa Gold, Visa Platinum жана Visa Business карталарынын бардык ээлери бул технологияга АВТОМАТТЫК ТҮРДӨ кошулат. 3D Secure технологиясына кошулуу — АКЫСЫЗ!
Карталарды коопсуз колдонуу боюнча жалпы сунуштар
Дүйнө жүзүндө төлөм карталары менен алдамчылык учурлары көбөйүп жаткандыгын эске алып, VISA төлөм карталарын колдонууда төмөнкү кеңештерге катуу көңүл бурууну сунуштайбыз:
- Жаңы төлөм картасын алгандан кийин, анын арткы бетиндеги кол коюу үчүн атайын жайга кол коюңуз.
- Картаны жоготуу/уурдоо, картанын бузулушу же картаңызда уруксатысыз операциялар жөнүндө SMS-билдирүү келген учурда дароо 24/7 иштеген кардарларды колдоо борборуна чалып, картаны бөгөттөңүз.
- Картаны же анын ПИН-кодун башкаларга бербеңиз жана карта номериңизди же коопсуздук кодун (CVV2 – картанын арткы бетиндеги үч баскычтуу код) эч кимге айтпаңыз. ПИН-кодду картага жазбаңыз жана картанын жанында сактабаңыз. ПИН-кодду эстеп калуу зарыл.
- Эсиңизде болсун, эгер ПИН-код, жеке маалыматтар ачылып калса же төлөм картасын жоготсоңуз/уурдатып алсаңыз, үчүнчү тараптар сиздин банк эсебиңизден уруксатысыз акча алуу коркунучу бар.
- Банк кызматкерлери эч качан телефон аркылуу, электрондук почта же SMS аркылуу сизден ПИН-кодду же CVV2 кодун сурабайт.
- Айына жок дегенде бир жолу Интернет-банкинг системасы аркылуу эсептеги каражаттардын кыймылын текшериңиз.
- Чет өлкөгө чыккандан кийин картаңыз менен байланышкан бардык операцияларга өзгөчө көңүл буруңуз.
- Картаңыздагы шектүү операциялар жөнүндө Банк сизге телефон, электрондук почта же SMS аркылуу байланыш ала алышы үчүн байланыш маалыматтарыңызды жаңылап туруңуз.
3D Secure технологиясы деген эмне?
Интернет аркылуу төлөмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында, DemirBankтын бардык карталары (Элкарт төлөм системасынан тышкары) 3D Secure кызматына туташтырылган. 3D Secure технологиясын колдогон сайттарда операция жүргүзүүдө, карта ээси ар бир транзакцияны уникалдуу сырсөз менен тастыктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот, бул төлөмдүн жогорку деңгээлде коопсуздугун камсыз кылат. Сырсөз карта ээси Банкта каттаган уюлдук телефонуна СМС түрүндө жөнөтүлөт.
Сиздин көңүлүңүздү бурабыз:
Интернет аркылуу товарлар же кызматтар үчүн төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү демейки түрдө ачык болуп берилет*.
(*)Интернет тармагында товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жабуу үчүн, Банкка кайрылып, тиешелүү арызга кол коюуңузду же төмөнкү электрондук дарекке билдирүү жөнөтүүңүздү өтүнөбүз: customercare@demirbank.kg. Сиздин кайрылууга жооп катары, жабуу арызынын формасы толтурууга жиберилет.
(*) Интернеттеги товарлар/кызматтар үчүн төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн ачуу үчүн, сизден Банка кайрылып, арызга кол коюу же төмөнкү электрондук почтага билдирүү жөнөтүү суралат:customercare@demirbank.kg. Сиздин сурооңузга жооп катары, мүмкүнчүлүк ачуу үчүн арыздын формасы жөнөтүлөт.
Сиздин электрондук почта дарегиңиз жана уюлдук телефон номериңиз Банктын маалымат базасында катталган болушу керек.
3D Secure кантип иштейт?
- Картанын ээси 3D Secure технологиясын колдогон сайт аркылуу товар/кызматка заказ берет жана интернет-дүкөн сураган карта маалыматтарын киргизет.
- Бардык зарыл карта маалыматтары киргизилгенден кийин, операцияны тастыктоо үчүн бир жолу колдонулуучу сырсөздү (OTP) киргизүү сунушталат. Бул сырсөз DemirBank тарабынан Банкка катталган мобилдик телефон номерине SMS-билдирүү аркылуу автоматтык түрдө жиберилет. Сырсөз карта маалыматтары киргизилгенден кийин интернетте операция жасала турган учурда гана жөнөтүлүп, бир жолу гана колдонулат.
- Алынган сырсөздү атайын талаага киргизип, төлөмдү тастыктаңыз. Акча картаңыздан туура сырсөз киргизилген учурда гана алынып, сатып алуу жүргүзүлөт. Эгер 3 мүнөт ичинде SMS албасаңыз, «Сырсөздү кайра жөнөтүү» шилтемесин басып, жаңы сырсөздү сурасаңыз болот. Жаңы сырсөздү сураган максималдык саны 2 жолу. Бир жолу колдонулуучу сырсөздү үч жолу туура эмес киргизсеңиз, сатып алуу операциясы бөгөттөлөт. Картаны ачуу үчүн DemirBankтын 24/7 кардарларды колдоо борборуна кайрылыңыз: +996 (312) 610 610, 610 613, 2222.
3D Secure технологиясын колдонууга мүмкүнчүлүк Банктын маалымат базасында Сиздин актуалдуу мобилдик телефон номериңиз катталган учурда гана берилет. Мобилдик номериңиз жергиликтүү байланыш операторлорунун бири болушу керек (Beeline, Megacom, O!). Мобилдик номериңиз өзгөргөн учурда, DemirBankка өз убагында билдирүү берүүңүз зарыл. Бул үчүн жакынкы банк бөлүмүнө жазуу түрүндөгү арыз менен кайрылышыңыз керек.
Картаны интернетте колдонуу боюнча коопсуздук чаралары
- Банк эсептеринен уруксатысыз акча чыгаруу операцияларын алдын алуу максатында, Интернет аркылуу соода кылууда Виртуалдык картаны колдонуу сунушталат. Виртуалдык карта кредиттик карта болгондо гана түзүлөт. Маанилүү: кредиттик картанын лимити виртуалдык картанын лимити менен бирдей.
- Интернетте операцияларды жүргүзүүдө интернет-дүкөндүн коопсуз экенин көзөмөлдөңүз; текшерилген сайттарды гана колдонуңуз жана сатып алууларды өз компьютериңиз аркылуу жасаңыз — интернет-кафелерде шпиондук программалар болушу мүмкүн;
- Онлайн операциялардын коопсуздугун камсыздоо үчүн, 3D Secure технологиясын колдогон сайттар аркылуу төлөм жүргүзүүнү сунуштайбыз.
Банкоматта операцияларды жүргүзүү боюнча сунуштар
- Коопсуз жерде жайгашкан банкоматтарда гана операцияларды жасаңыз.
- Эгер банкоматтын жанында башка адамдар болсо, банкоматты пайдалануу үчүн ыңгайлуу убакытты тандаңыз же башка банкоматты колдонуңуз.
- Банкоматты колдонууда анын ПИН-код терүүчү клавиатурасы же карта салуучу тешиги сыяктуу бөлүктөрүндө кошумча, ордуна туура келбеген түзүлүштөр жок экенин текшериңиз (мисалы, туура эмес орнотулган клавиатура). Мындай учурда бул банкоматты колдонбоону сунуштайбыз.
- ПИН-кодду жакында турган адамдар көрбөй тургандай кылып териңиз. ПИН-кодду терип жатканда клавиатураны колуңуз менен жаап туруңуз.
- Эсиңизде болсун, эгер ПИН-кодду үч жолу туура эмес киргизсеңиз, карта банк тарабынан бөгөттөлөт. Картаны ачуу үчүн DemirBankтын 24/7 кардарларды колдоо борборуна кайрылыңыз: +996 (312) 610 610, 610 613, 2222 же электрондук почтага жазыңыз: customercare@demirbank.kg.
Сиздин электрондук почтаңыздын маалыматы Банктын маалымат базасында катталган болушу керек.
Товар жана кызматтар үчүн накталай эмес төлөм жүргүзүүдө картаны колдонуу боюнча сунуштар
- Ишеним жаратпаган соода же тейлөө жайларында төлөм карталарын колдонбоңуз.
- Карталык операциялар сиздин катышууңуз менен гана жүргүзүлүшүн талап кылыңыз. Бул сиздин картаңыздагы жеке маалыматтардын үчүнчү тараптардын колуна өтүшүнө жол бербөө үчүн маанилүү.
- ТТовар же кызмат үчүн төлөп жатканда, кассир сизден чекке кол коюуну жана ПИН-кодду киргизүүнү талап кылышы мүмкүн. ПИН-кодду киргизерден мурун, жакын жерде турган адамдар аны көрө албай турганына ынануу керек. Чекке кол коюудан мурун, чектеги сумманы сөзсүз текшериңиз.
Чет өлкөгө чыгууну пландагандар үчүн сунуштар
- Картаңыздын жарактуу мөөнөтүн текшериңиз.
- Картаңыз боюнча негизги эсебиңиздин валютасын текшериңиз.
- ПИН-кодуңузду жакшы эстеп калгандыгыңызды текшериңиз.
- Чет өлкөгө чыкканга чейин картаңызды Кыргызстанда колдонуп көрүңүз.
- Кайсы суммага эсеп алууну так билишиңиз үчүн, негизги эсебиңиздеги калдыкты (дебеттик карта) жана кредиттик картаңыздын лимитин текшериңиз. Зарыл болсо, эсебиңизди алдын ала толуктап коюңуз.
- Акча каражаттарын сарптоонун күнүмдүк лимиттери менен бул жерден таанышып чыгыңыз.
- Эгерде уюлдук телефонуңуздун номерин алмаштырсаңыз, жеке маалыматтарыңызды жаңылатуу үчүн сөзсүз түрдө банкка кайрылыңыз.
- Эгерде жогорку тобокелдикке ээ өлкөлөрдүн бирине бара турган болсоңуз, карта боюнча накталай каражат алуу мүмкүнчүлүгүн ачуу үчүн банкка жазуу түрүндө арыз менен кайрылууңуз зарыл.
Картаңызды жоготкон/алып салынган учурдагы шашылыш кызматтар
Эгер картаңыз Кыргызстанда жоголгон же уурдалган болсо:
Картаңызды дароо бөгөттөө үчүн DemirBankтын 24/7 иштеген кардарларды колдоо борборуна чалыңыз (кызмат акысыз):
- +996 (312) 610 610
- +996 (312) 610 613
- +996 (312) 900 777
- 2222 (чалуу бекер)
- WhatsApp: +996 (770) 610 610
Электрондук почта: customercare@demirbank.kg
Картаңызды кайра чыгаруу үчүн банктын каалаган филиалына кайрылыңыз.Эгер картаңыз чет өлкөдө жоголгон же уурдалган болсо:
Картаңызды дароо бөгөттөө үчүн төмөнкү байланыш каналдары аркылуу DemirBank’тын 24/7 иштеген кардарларды колдоо кызматына кайрылыңыз:
- +996 (312) 610 610
- +996 (312) 610 613
- +996 (312) 900 777
- 2222 (чалуу бекер)
- WhatsApp: +996 (770) 610 610
Электрондук почта: customercare@demirbank.kg
Ошондой эле, Visa же Mastercard’дын 24/7 Глобалдык Кардарларды Колдоо кызматына кайрылсаңыз болот. Телефон номерлери сиз жайгашкан өлкөгө жараша өзгөрөт.
Накталай акчаны шашылыш түрдө алуу
Эгер сиз чет өлкөдө жүрүп, картаңызды жоготуп алган болсоңуз:
- Төлөм картанызды бөгөттөө үчүн дароо банкка чалууңуз керек.
- Эгерде накталай акчага муктаж болсоңуз, жергиликтүү банктын каалаган бөлүмүнө же Western Union / MoneyGram төлөм системаларынын тейлөө пункттарына кайрылсаңыз болот. АКШ жана Канада аймагында 24 сааттын ичинде же АКШ жана Канаданын сыртына 1 жумуш күнү ичинде өз өлкөңүздүн валютасында же 3 000 АКШ долларына чейин накталай акча ала аласыз.
Картаны шашылыш түрдө чыгаруу
Эгер Сиз чет өлкөдө жүрүп, картаңызды жоготуп же уурдатып алсаңыз:
- Картаңызды дароо бөгөттөп коюңуз. "Gold" жана "Platinum" премиум-класстагы карталардын ээлери үчүн жоголгон картанын ордуна шашылыш түрдө жаңы карта чыгарууга заказ берсе болот. Бул карта менен накталай акча алуу мүмкүн эмес, бирок аны онлайн төлөмдөр жана товар/кызмат сатып алуулар үчүн колдонсо болот. Жаңы чыгарылган карта Visa компаниясынын стандарттык дизайны менен болот жана бекер түрдө курьер аркылуу Сиздин убактылуу жашаган жериңизге (мисалы, мейманканага) жеткирилип берилет же жергиликтүү банктын кеңсесинен алсаңыз болот.