DemirBankтан билим берүү кредити – ашыкча төлөмсүз 0%!
DemirBank Кыргызстан рыногунда уникалдуу продукт — «Билим берүү кредитин» ишке киргизди.
Эми ата-энелер жана студенттер DemirBank мобилдик тиркемеси аркылуу окуу акысын пайызсыз жана комиссиясыз төлөй алышат.
Бул билимге инвестиция салгысы келгендер үчүн ашыкча чыгымдарсыз жана төлөмдөрсүз ыңгайлуу жана пайдалуу чечим.
Кредиттин шарттары
- Пайыздык чен: 0%.
- Кредиттин мөөнөтү: 6, 9 же 12 ай.
- Максималдуу сумма: окуу келишиминин бир жылдык баасына барабар.
- Комиссиялар жана жашыруун төлөмдөр жок.
- 1 мүнөттүн ичинде которуу: каражаттар автоматтык түрдө окуу жайынын эсебине которулат.
- Төлөм кечиктирилген учурда: кечиктирилген күндөрдүн санына пропорционалдуу түрдө жылдык 19,99% өлчөмүндөгү стандарттык пайыздык чен эсептелет.
Программага кошулган билим берүү мекемелери
Билим берүү кредитин төмөнкү өнөктөш окуу жайларында окуу акысын төлөө үчүн алууга болот:
- Academy of Future Leaders
- Academy of Future Leaders Orto-Say
- Academy Kupuev
- American-European School
- AUCA University
- Bilmont School
- Chekhova Educational Institution
- Edison School
- Educational Complex "Lomonosov School"
- Educational Complex "Lomonosov School" (Karakol)
- Engineering College Light Academy
- Eurasian School of Innovative Technologies Osh
- Evrika School
- Global School
- Ilim Kindergarten
- Ilim School (1–3-класстар)
- Ilim School (4–12-класстар)
- Innovative College of IT and Business
- International School Bright
- International School of Kyrgyzstan
- International University K.Sh. Toktomamatov
- Kyrgyz American School
- Kyrgyz National University named after Zhusup Balasagyn
- Light Academy
- Light Academy Kyzyl-Kiya
- Light Academy Primary
- Light Academy South
- Maarif School
- Maarif-Sapat Fund
- New Thinking School of Central Asia
- Nexus College
- Nova International School
- Osh Technological University M.M. Adyshev
- Oxford International School
- Silk Road International School
- TSI AUCA College
Өнөктөш окуу жайлардын тизмеси мезгил-мезгили менен жаңыланып турат. DemirBank менен өнөктөш болгуңуз келеби? Кызматташуу шарттары тууралуу маалымат алуу үчүн банкка кайрылыңыз.
Билим берүү кредитин кантип алууга болот?
- DemirBank мобилдик тиркемесин ачыңыз.
- Башкы менюдан баннерди тандаңыз же «Кредиттер» → «Билим берүү кредити» бөлүмүнө өтүңүз.
- Өнөктөш окуу жайлардын тизмесинен керектүү окуу жайын тандаңыз.
- Баланын же студенттин ИСНин киргизиңиз. Система маалыматтарды автоматтык түрдө текшерет.
- Кредиттин суммасын, мөөнөтүн жана төлөө күнүн көрсөтүңүз.
- Маалыматтарды текшерип, келишимдин шарттарын кабыл алуу менен арызды ырастап коюңуз.
Даяр! Каражаттар тандалган окуу жайынын эсебине автоматтык түрдө которулат.
Маанилүү маалымат
Эгерде кредиттин суммасы 500 000 сомдон ашса, кардар кредиттик келишимге кол коюу үчүн DemirBankтын жакынкы бөлүмүнө өзү барып келиши керек.
DemirBank — ашыкча төлөмсүз келечекке инвестиция
DemirBankтын билим берүү кредити — балдардын билим алуусуна жана өзүңүздүн өнүгүүңүзгө инвестиция салып, кыялдарыңызды кийинкиге калтырбоого мүмкүнчүлүк берет.
Жөнөкөй, тез жана пайызсыз — баары сиздин тынчтыгыңыз жана келечекке болгон ишенимиңиз үчүн.
