DemirBank бизнести өнүктүрүү үчүн атайын шарттардагы насыяларды сунуштайт — жылдык үстөгү 16%дан баштап

Бизнести өнүктүрүү өз убагында кабыл алынган чечимдерди жана ишенимдүү каржылык колдоону талап кылат. Ушул максатта DemirBank чакан жана орто бизнес өкүлдөрү үчүн атайын акциясын улантып, сом менен жылдык 16%дан, АКШ доллары менен жылдык 12%дан башталган пайыздык чен боюнча бизнес-насыяларды сунуштайт.

Атайын сунуш 2026-жылдын 30-июлуна чейин күчүндө болот.

Насыя каражаттарын төмөнкү максаттарга пайдаланууга болот: жүгүртүү капиталын толуктоо, товарларды жана чийки затты сатып алуу, жабдууларды алуу, өндүрүштү модернизациялоо, бизнести кеңейтүү, жаңы соода түйүндөрүн ачуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу.

Акциянын алкагында төмөнкү шарттар сунушталат:

  • сом менен жылдык 16%дан, АКШ доллары менен жылдык 12%дан башталган пайыздык чен;
  • жүгүртүү каражаттарын толуктоо үчүн — 24 айга чейин;
  • инвестициялык максаттар үчүн — 60 айга чейин;
  • Банктын шарттарына ылайык, күрөөсүз же кепилдик менен каржылоо мүмкүнчүлүгү каралган.
  • Эгерде сизде башка банктан алынган насыя болсо, аны дагы пайдалуу шарттар менен кайра каржылоо (рефинансылоо) мүмкүнчүлүгү каралган.

    2026-жылдын 30-июлуна чейин атайын сунуштан пайдаланып, бизнесиңизди DemirBank менен бирге өнүктүрүңүз!

    Кененирээк маалымат алуу үчүн DemirBankтын каалаган бөлүмүнө кайрылсаңыз же 2222 кыска номери аркылуу Байланыш борборуна чалсаңыз болот.

    *ЖНПЧ 17,2%дан баштап