DemirBank ишкерлерге жана агросектордун өкүлдөрүнө арналган жаңы акцияны ишке киргизди. Эми бизнесиңизди же айыл чарба ишиңизди өнүктүрүү үчүн каржылоо мурдагыдан да жеткиликтүү — сом менен жылдык 16%* баштап, ал эми АКШ доллары менен 12% баштап.
Атайын сунуш 2026-жылдын 30-мартынан 30-июлуна чейин жарактуу.
Бул демилге өлкө боюнча чакан жана орто бизнести, ошондой эле фермердик чарбаларды колдоого багытталган.
Бизнес үчүн кредиттер
Ишкерлер өз ишин кеңейтүү үчүн пайдалуу шарттардан пайдалана алышат:
- жылдык 16%* баштап
- күрөөсүз же кепилдик менен каржылоо мүмкүнчүлүгү
Каржылоо мөөнөттөрү:
- 24 айга чейин — айланма каражаттарды толуктоо үчүн
- 60 айга чейин — инвестициялык максаттар үчүн
Кредитти товар сатып алууга, кызмат көрсөтүүнү кеңейтүүгө, өндүрүштү өнүктүрүүгө, жабдууларды алууга жана башка бизнес муктаждыктарга колдонсо болот.
Агрокредиттер: айыл чарбасын колдоо
Фермерлер жана агробизнестин өкүлдөрү үчүн DemirBank сезондук жана инвестициялык муктаждыктарга ылайыктуу ыңгайлуу чечимдерди сунуштайт:
- жылдык 16% баштап
- күрөөсүз каржылоо мүмкүн
Каржылоо төмөнкү багыттарга берилет:
- мал чарбасын өнүктүрүү
- өсүмдүк өстүрүү
- айыл чарба техникасын сатып алуу
- үрөн жана жер семирткичтерди алуу
Ийкемдүү каржылоо формалары
Кардарлар өзүнө ылайыктуу форматты тандай алышат:
- бир жолку кредит
- кредиттик линия
- овердрафт
Ошондой эле башка банктардагы кредиттерди пайдалуураак шарттар менен кайра каржылоо мүмкүнчүлүгү бар.
30-июлга чейин бул пайдалуу шарттардан пайдаланып, бизнесиңизди DemirBank менен бирге өнүктүрүңүз!
ЖНПЧ 17,2%дан баштап
Кененирээк маалымат алуу үчүн 2222 кыска номери аркылуу Байланыш борборуна кайрылыңыз.
