«Өзүңүздүн пайыздык чениңизди тандаңыз» акциясы

Кыргызстанда биринчи жолу!

Эми онлайн-кредит боюнча пайыздык ченди өзүңүз тандайсыз.

DemirBank онлайн-кредит боюнча пайыздык ченди өз алдынча аныктоого мүмкүнчүлүк берген жаңы акцияны ишке киргизет.


Бул кандай иштейт?

  1. Өтүнмө бериңиз
    DemirBank мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн-кредитке өтүнмө тапшырыңыз.
  2. Сумманы жана мөөнөттү тандаңыз
    Кредиттин суммасын жана мөөнөтүн белгилеңиз.
  3. Пайыздык ченди көрсөтүңүз
    0%дан 19,99%га чейинки диапазондо, 0,5% кадам менен каалаган пайыздык ченди тандаңыз.

    Пайыздык ченди тандоо учурунда мобилдик тиркемеде анын жактырылуу ыктымалдыгынын болжолдуу деңгээли көрсөтүлөт. Бул маалымат маалымдоо максатында гана берилет жана өтүнмөнүн жактырылышына кепилдик бербейт.

  4. Катышууңузду ырастаңыз
    Өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтү аяктаганга чейин тандаган пайыздык ченди чектөөсүз санда өзгөртө аласыз.

Күн сайын жүргүзүлүүчү кароодо акыркы жолу ырасталган пайыздык чен эске алынат.

Күн сайын саат 18:00дө Банк акциянын алкагында берилген бардык өтүнмөлөрдү автоматтык түрдө карайт.

  • Өтүнмөлөр тандалган пайыздык чендин өлчөмүнө жараша, эң жогорку пайыздык ченден төмөндөй тартипте каралат.
  • Жактыруу эң жогорку пайыздык чен тандалган өтүнмөлөрдөн баштап, күнүмдүк берүү лимити — 2 000 000 сом толук пайдаланылганга чейин кезеги менен жүргүзүлөт.
  • Эгер бир нече катышуучу бирдей пайыздык ченди тандаса жана калган күнүмдүк лимит алардын бардык өтүнмөлөрүн кароого жетишсиз болсо, артыкчылык Банктын системасында мурда катталган өтүнмөгө берилет.

Банктын күнүмдүк кароонун жыйынтыгы боюнча кабыл алган чечими акыркы болуп саналат.


Катышуунун жыйынтыгы

Күнүмдүк кароо аяктагандан кийин, анын жыйынтыгы тууралуу push-билдирүү аркылуу аласыз.

Эгер сиз тандаган пайыздык чен жактырылса, жыйынтыкты алгандан тартып 24 сааттын ичинде онлайн-кредитти тариздешиңиз керек.

Белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин сунуш өз күчүн жоготот.


Эгер сиз тандаган пайыздык чен жактырылбаса

Эгер сиз тандаган пайыздык чен күнүмдүк лимиттин алкагында жактырылбаса, Банк сизге Банктын учурдагы стандарттык пайыздык ченинен 1 пайыздык пунктка төмөн пайыздык чен менен онлайн-кредит тариздөөнү сунушташы мүмкүн.

Мисалы, эгер Банктын стандарттык пайыздык чени жылдык 19,99% болсо, анда сизге жылдык 18,99% пайыздык чен менен онлайн-кредит тариздөө сунушталышы мүмкүн.

Мындай сунуш жыйынтыкты алган учурдан тартып 24 саат бою жарактуу болот.


Кимдер катыша алат

Акцияга төмөнкү талаптарга жооп бергендер катыша алышат:

  • Онлайн-кредит тариздөө үчүн Банктын талаптарына жооп берген жеке жактар.
  • Онлайн-кредит алуу мүмкүнчүлүгү боюнча текшерүүдөн ийгиликтүү өткөн кардарлар.
  • Бир календардык күндүн ичинде бирден ашык эмес активдүү өтүнмөсү бар катышуучулар.

Акцияга катышуу ыктыярдуу жана акысыз.


Шарттары жана чектөөлөрү

Акция төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

  • Мөөнөтү узартылган жана реструктуризацияланган кредиттерге.
  • Банктын кызматкерлерине, Банк менен байланышкан жактарга, алардын жубайларына жана жакын туугандарына.
  • Акцияны өткөрүүнүн шарттарын бузууга багытталган аракеттерди жасаган адамдарга.

Акцияга катышуу онлайн-кредиттин сөзсүз берилерине кепилдик бербейт.

Онлайн-кредит берүү жөнүндө чечим Банктын ички жол-жоболоруна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынат.

Катышуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат катышуучуга мобилдик тиркеме аркылуу push-билдирүү түрүндө жөнөтүлөт.

Акцияны өткөрүү мөөнөтү: 2026-жылдын 3-августунан 31-октябрына чейин (кошо алганда).


Өзүңүздүн пайыздык чениңизди тандоого даярсызбы?

DemirBank мобилдик тиркемесин ачып, онлайн-кредитке арыз бериңиз жана өзүңүзгө эң ылайыктуу пайыздык ченди өз алдынча тандаңыз.

Акцияны өткөрүүнүн толук шарттары DemirBank мобилдик тиркемесинде, ошондой эле төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү: Акциянын шарттары.

ЖППЧ (жылдык пайыздык пайданын чени) – 22,3%га чейин.