"Демир Кыргыз Интернэшнл Банк" ЖАК Бизнес үчүн 1С: Direct Bank технологиясын киргизүү жөнүндө жарыялайт.

"Демир Кыргыз Интернэшнл Банк" ЖАКы бизнес үчүн санариптик чечимдерди өнүктүрүүнү улантып, 1С: Direct Bank заманбап технологиясын киргизгенин жарыялайт. Жаңы функция каржылык операцияларды жөнөкөйлөштүрүүгө жана тездетүүгө, ошондой эле банктык документтер менен иштөөнү ыңгайлуу кылууга багытталган.

1С: Direct Bank технологиясынын аркасында каржыны башкаруу үчүн кеңейтилген мүмкүнчүлүктөр ачылат:

• Каалаган убакта банктан эсеп боюнча көчүрмө алуу;

• Көчүрмө боюнча операцияларга байланыштуу документтердин басылган формаларын алуу;

• Улуттук валютада (Кыргыз сом) төлөм тапшырмаларын даярдоо жана жөнөтүү;

• Банкка жөнөтүлгөн документтердин статусунун өзгөрүү тарыхын реалдуу убакыт режиминде көрүү;

• Эки факторлуу аутентификация механизмдерин колдонуу менен аракеттерди ырастоо;

• Банктык көчүрмөнүн негизинде 1Ске жетишпеген операцияларды, анын ичинде түшүүлөрдү, эсептен чыгарууларды, банктык комиссияларды, салыктарды жана башка төлөмдөрдү киргизүү.

Интеграцияга корпоративдик интернет банкинг аркылуу кошулууга болот.

"Демир Кыргыз Интернэшнл Банк" ЖАКы - натыйжалуу бизнес үчүн заманбап банктык чечимдер.