2026-жылдын 18-июнунда DemirBank Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын (ЕРӨБ) Тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын (RSF) алкагында «Ozone Fitness» ЖЧК компаниясы менен кредиттик келишимге кол койду.
«Ozone Fitness» ЖЧКсы Өзбекстандагы эң ири фитнес-клубдар тармагынын бири болуп саналат жана өлкөдө заманбап спорттук инфраструктураны активдүү өнүктүрүүдө. Алынган каржылоо жаңы филиалдарды курууга, ошондой эле тармактын иштеп жаткан филиалдарын модернизациялоого багытталат.
Бул долбоор аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү этап жана Кыргызстандагы банк Өзбекстандагы чакан жана орто бизнеске каржылоо бөлгөн программанын алкагындагы эл аралык каржылоонун алгачкы үлгүсү болуп калды.
Бул уникалдуу келишимдин ийгиликтүү ишке ашышы DemirBank'тын Өзбекстандагы Өкүлчүлүгүнүн активдүү катышуусунун аркасында мүмкүн болду. Өкүлчүлүк командасынын жергиликтүү экспертизасы жана өз ара шайкеш келген иш алып баруусу бардык тараптардын ортосундагы натыйжалуу байланышты түзүүгө жана аймакта узак мөөнөттүү катышуу жана бизнести колдоо үчүн бекем пайдубал түптөөгө өбөлгө түздү.
«Биз Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы ишкердикти өнүктүрүүгө жана экономикалык байланыштарды чыңдоого көмөктөшүүчү долбоорлорду колдоого кубанычтабыз. Бул долбоордун ишке ашырылышы натыйжалуу аймактык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтөт жана бизнес үчүн жаңы келечектерди ачат», - деп DemirBank'тын Башкы менеджери Шевки Л. Сарылар белгиледи.
Компанияны колдоо – DemirBank'тын туруктуу бизнести өнүктүрүүгө, каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө жана эл аралык каржы институттары менен өнөктөштүктү чыңдоого багытталган демилгелерди ишке ашыруудагы кезектеги кадамы болуп саналат.
DemirBank аймактын экономикалык өнүгүүсүнө жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы ишкердик байланыштарды чыңдоого көмөктөшүүчү долбоорлорду ишке ашырууга мындан ары да көмөк көрсөтө берет.
Кол коюу аземи Ташкент Эл Аралык Инвестициялык Форумунун алкагында өттү.
Салтанатка төмөнкүлөр катышты:
- Одиль Рено-Бассо айым – ЕРӨБдүн Президенти
- Хусейн Өзхан мырза – ЕБРРдин Борбордук Азия боюнча Башкаруучу директору
- Алмаз Тойгонбаев мырза – ЕБРРдин Өндүрүш жана кызмат көрсөтүү секторунун Аймактык директору
- Шевки Л. Сарылар мырза – DemirBank'тын Башкы менеджери
- Садам Матчанов мырза – «Ozone Fitness» ЖЧКсынын Башкы директору
- Акмалбек Икрамов мырза – DemirBank'тын Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн Жетекчиси
