DemirBank чалууларда, билдирүүлөрдө жана онлайн иш-аракеттерде коопсуздук чараларын сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.
Эсиңизде болсун:
✔️ Банк кызматкерлери эч качан жашыруун маалыматтарды сурабайт: сырсөздөрдү, SMS сырбелгилерин, картанын CVV сырбелгисин, PIN сырбелгисин жана башка жеке маалыматтарды.
✔️ Эгер сизге шектүү чалуу келсе, дароо сүйлөшүүнү токтотуп, эч кандай көрсөтмөлөрдү аткарбаңыз.
✔️ Кандайдыр бир шек жаралса, банкка расмий байланыш ыкмалары аркылуу гана кайрылыңыз.
Сак болуп, жеке маалыматтарыңызды үчүнчү жактарга бербеңиз.
Эгер шектүү аракеттерди байкасаңыз, дароо биз менен байланышыңыз:
📞 2222 / +996 (312) 610 610 / WhatsApp: +996 770 610 610
