Global Finance каржы журналы тарабынан уюштурулган жылдык эл аралык World’s Best Banks 2026 сыйлыгынын алкагында DemirBank «Кыргызстандын мыкты банкы» номинациясынын жеңүүчүсү деп таанылды.
Бул жылы Global Finance дүйнөнүн мыкты банктарын 33-ирет аныктады. Бул сыйлык жогорку натыйжаларды көрсөткөн, кардарлардын муктаждыктарына өзгөчө көңүл бурган жана туруктуу өнүгүү үчүн негиз түзүп жаткан каржы институттарына ыйгарылат.
Жеңүүчүлөрдү тандоодо активдердин өсүшү, кирешелүүлүк, стратегиялык өнөктөштүк, бизнестин өнүгүшү жана өнүмдөрдөгү инновациялар эске алынган. Чечимдер көрсөткүчтөрдү талдоонун жана эл аралык каржы коомчулугунун өкүлдөрү менен кеңешүүлөрдүн негизинде Global Finance редакциясы тарабынан кабыл алынды.
DemirBank буга чейин да Global Finance версиясы боюнча бир нече жолу «Кыргызстандын мыкты банкы» наамына татыган. Бул кезектеги сыйлык банктын командасынын ишинин, анын өнүгүүгө болгон умтулуусунун жана тейлөө сапатын жогорулатуунун эл аралык деңгээлдеги таанылышы болуп калды.
«Акыркы бир жыл ичинде санариптик трансформация, кардарлардын өзгөрүп жаткан муктаждыктары жана туруктуу өнүгүү DemirBank стратегиясынын негизги багыттары болду. Биз чакан жана орто бизнести каржылоону кеңейттик, ошондой эле гидроэнергетика, күн энергетикасы жана жол курулушу тармагындагы инфраструктуралык долбоорлорду колдоого алдык. Биздин кийинки артыкчылыктуу багыттарыбыздын катарына айыл чарбасын кредиттөө, жашыл каржылоо, жасалма интеллект технологияларын киргизүү жана эл аралык каржы институттары, анын ичинде ЕБРР, IFC, АБР жана KfW менен кызматташууну тереңдетүү кирет. Биз банктын корпоративдик сектордогу позицияларын чыңдоону улантуу менен бирге, жеке кардарлар жана ишкерлер үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрөбүз», — деп белгиледи DemirBank’тын генералдык менеджери Шевки Л. Сарылар..
DemirBank корпоративдик кардарларга, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнө жана жеке жактарга банктык кызматтардын кеңири спектрин сунуштайт. Банк өнүмдөр менен кызматтарды ырааттуу түрдө өркүндөтүп, заманбап технологияларды ишке киргизүүдө жана кардарлардын муктаждыктарына багытталып, тейлөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө. Анын ишмердүүлүгүнүн негизин ишенимдүүлүк, кесипкөйлүк жана узак мөөнөттүү өнөктөштүк мамилелер түзөт.
DemirBank кардарларына жана өнөктөштөрүнө көрсөткөн ишеними үчүн ыраазычылык билдирет жана аларга коюлган максаттарга жетүүгө көмөктөшүп, каржылык чечимдерди өнүктүрүүнү улантат.
