16-март 2026-жыл.
DemirBank өз кардарлары үчүн Google Pay кызматын ишке киргизгенин кубануу менен билдиребиз. Эми DemirBank Visa жана Mastercard карталарынын ээлери телефон же акылдуу саат аркылуу бир тийүү менен төлөмдөрдү жүргүзө алышат! Ыкчам, ыңгайлуу жана банктык картаны колдонбостон.
Телефонду терминалга жакындатуу жетиштүү, ошондо төлөм заматта өтөт. Төлөмдүн бул ыкмасы күнүмдүк сатып алууларды ого бетер жеңил жана жагымдуу кылат.
Google Pay'ди DemirBank'ка туташтыруу оңой!
Бул үчүн:
- DemirBank тиркемесин ачыңыз.
- Google Pay'ге кошкуңуз келген DemirBank Visa же Mastercard картасын тандап, «Google Wallet'ке карта кошуу» баскычын басыңыз.
- Google аккаунтуңузду шарттарга макул болуу менен ырастаңыз.
- Сиздин картаңыз автоматтык түрдө Google Pay'ге кошулуп, колдонууга даяр болот.
Андан кийин телефонуңуз дайыма жаныңызда болгон ыңгайлуу санарип капчыкка айланат!
DemirBankтагы Google Pay — бул абдан ыңгайлуу!
-
Бир тийүү менен төлөө
Телефонуңузду терминалга жакындатсаңыз — төлөм дароо жүргүзүлөт. -
Жогорку деңгээлдеги коопсуздук
Google Pay аркылуу төлөгөндө картанын маалыматтары жашырылат жана берилбейт, бул төлөмдөрдү кошумча коргойт. -
Төлөө үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр
Google Pay чоң супермаркеттерден баштап кичинекей кафелерге жана дүкөндөргө чейин, контактсыз карталар кабыл алынган бардык жерлерде иштейт.
Бүгүн эле байкап көрүңүз
DemirBank картаңызды DemirBank тиркемесинде түз Google Pay'ге туташтырыңыз жана сатып алууларды тез, коопсуз жана картасыз төлөңүз!
Кызмат жөнүндө кененирээк маалыматты DemirBankтын расмий сайтынан алыңыз.
