Көңүл буруңуздар! Маанилүү жаңылык: мамлекеттик кызматкерлер үчүн ипотеканын атайын шарттары 2026-жылдын 28-декабрына чейин узартылды!

Мамлекеттик кызматкерлер үчүн ипотеканын атайын шарттары 2026-жылдын 28-декабрына чейин узартылды!

Кардарлардын көптөгөн өтүнүчтөрү боюнча DemirBank мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери үчүн ипотеканын атайын шарттарын узартты.

Эми сизде өз үйүңүздү сатып алууга же кыялыңыздагы үйдү курууга көбүрөөк убакыт бар!

Ипотеканы кандай максатта алса болот?

  • Даяр батир же үй сатып алууга
  • Курулуп жаткан үйдөн батир сатып алууга (ДДУ боюнча)
  • Жер тилкесин сатып алууга
  • Өз үйүңүздү курууга

Ипотекалык насыянын шарттары:

  • Пайыздык чен: 60 айга чейин — жылдык 15,99%
  • Пайыздык чен: 61 айдан 96 айга чейин — жылдык 17%
  • Насыянын суммасы: 350 000 сомдон баштап
  • Алгачкы төлөм: 30%дан баштап

Кошумча мүмкүнчүлүктөр:

  • Айлыгыңызды DemirBank аркылуу алуу милдеттүү эмес
  • Атыңызда башка кыймылсыз мүлк болсо да, ипотекага арыз бере аласыз

Ипотека кимдерге берилет?

Атайын шарттар мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлерине, анын ичинде энергетика, транспорт, байланыш жана турак жай-коммуналдык чарба тармактарында иштегендерге жеткиликтүү.

Өз үйүңүзгө ээ болуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз! Акция 2026-жылдын 28-декабрына чейин узартылды. Ипотеканын жеткиликтүү суммасын билүү жана арыз берүү үчүн DemirBankтын жакынкы бөлүмүнө кайрылыңыз же 2222 номерине чалыңыз. Чалуу акысыз.

DemirBank менен бирге өз үйүңүзгө ээ болууга кадам таштаңыз!

Насыянын эффективдүү пайыздык чени (ГЭПС) — 17,5%дан баштап. Пайыздык чен — 15,99%дан баштап.

Лицензия № 035.