DemirBank менен SWIFT-которуулар боюнча атайын шарттар жылдын аягына чейин узартылды

DemirBank менен чет өлкөлөрдөн товар сатып алуулар үчүн төлөмдөрдү жүргүзүп, эл аралык эсептешүүлөрдү атайын шарттарда ишке ашырыңыз.

2026-жылдын 24-сентябрынан 31-декабрына чейин чакан жана орто бизнеске, ошондой эле корпоративдик кардарларга АКШ долларындагы чыгуучу SWIFT-которуулар үчүн атайын шарттар колдонулат.

Которуу үчүн комиссия — 0,2% + 20 USD. Минималдуу комиссия — 30 USDдан, максималдуу комиссия — 350 USD.

Минималдуу комиссиянын өлчөмү корреспондент-банкка жараша болот:

Корреспондент-банкМинималдуу комиссия
AKTIF YATIRIM BANKASI AS75 USDдан
ZHEJIANG CHOUZHOU COMMERCIAL BANK CO. LTD30 USDдан
AKTIF YATIRIM BANKASI AS45 USDдан
АК ГРУЗИЯ БАНКЫ45 USDдан
АК ЦЕНТРКРЕДИТ БАНКЫ75 USDдан
УЗПРОМСТРОЙБАНК (Өзбекстан)75 USDдан
TÜRKIYE VAKIFLAR BANKASI TAO30 USDдан

Маанилүү: комиссиянын өлчөмү корреспондент-банкка жана которуунун маршрутуна жараша болот. HALYK BANK KAZAKHSTAN, ALMATY жана JSC “EURASIAN BANK” аркылуу жүргүзүлгөн которуулар үчүн минималдуу комиссия 95 USDдан башталат.

Толук маалымат алуу үчүн 2222 номери аркылуу байланыш борборуна кайрылыңыз же DemirBankтын бөлүмдөрүнө барыңыз.