Урматтуу кардарлар!
2026-жылдын 3-сентябрда, шаршембиден бейшембиге караган түнү саат 01:00дөн 03:00гө чейин техникалык иштер жүргүзүлө тургандыгын маалымдайбыз.
Буга байланыштуу төмөнкү кызматтар убактылуу жеткиликсиз болот:
- ДКИБ төлөм карталары боюнча транзакциялар;
- Банкоматтардагы транзакциялар;
- POS/VPOS терминалдарындагы транзакциялар;
- МБ/ИБ системаларында айрым операциялар;
- ДКИБ карталарын Apple Pay, Google Pay жана Garmin Pay сервистерине кошуу.
Жогоруда аталган кызматтар боюнча бардык операцияларды алдын ала пландаштырууңузду суранабыз.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
