Техникалык иштер!

Урматтуу кардарлар!

Сиздерге 2026-жылдын 2-октябрынан 3-октябрына караган түнү, саат 01:00дөн 03:00гө чейин GMT+6 убактысы боюнча техникалык иштер жүргүзүлөрүн маалымдайбыз.

Ушуга байланыштуу ДКИБдин төмөнкү кызматтары убактылуу жеткиликсиз болот:

- ДКИБдин төлөм карталары боюнча транзакциялар;

- банкоматтардагы транзакциялар;

- POS/VPOS-терминалдарындагы транзакциялар;

- ДКИБдин мобилдик/интернет-банкинги жарым-жартылай;

- ДКИБ карталарын Apple Pay, Google Pay жана Garmin Pay электрондук капчыктарына кошуу.

Жогоруда аталган кызматтар боюнча бардык операцияларды алдын ала пландаштырууңузду суранабыз.

Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.