Акциянын мөөнөтүнөн мурда аякташы жөнүндө билдирүү

Урматтуу Кардарлар!

«Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК (мындан ары – «Банк») «DemirBank менен биринчи кадам үчүн 1000 сом» акциясынын (мындан ары – «Акция») байге фонду белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин толугу менен түгөнгөндүгүн маалымдайт.

Ушуга байланыштуу Акция 2026-жылдын 3-мартынан тартып мөөнөтүнөн мурда аяктаган болуп эсептелет.


Кошумча маалымат

Бул билдирүү жарыяланган күндөн жана убакыттан кийин Акциянын шарттарын аткарган катышуучулар Жеңүүчү болуп таанылбайт жана сыйлык алууга укугу жок деп эсептелинет.


Банктын сунуштарына кызыгуу көрсөткөн бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз.

Жаңылыктарыбызды байкап туруңуздар. Жакын арада жаңы сунуштар жана акциялар жарыяланат.