«Marrakesh Issyk-Kul Residences» курорттук комплекси

render.png

Marrakesh Residence

Marrakesh Residence — Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде, жээктеги эң абройлуу жана тез өнүгүп жаткан аймактардын бири болгон Чок-Тал айылында жайгашкан курорттук жана ден соолукту чыңдоо комплекси.

Үч кабаттан ашпаган аз кабаттуу архитектуралык стилде курулган комплекс 8 гектар аянтты ээлейт. Ал көрктөндүрүлгөн жашыл аймактары, бактары жана өзүнүн кумдуу пляжы менен айырмаланат. Бул жерде күндүн нуру, асман мейкиндиги жана таза аба өзгөчө атмосфераны түзөт.

Кеңири пландаштырылган бөлмөлөр, панорамалык терезелер, жеке террасалар жана балкондор эркиндикти жана обочолонууну сезүүгө мүмкүндүк берет. Комплекстеги менчик ээлеринин жалпы саны 200дөн ашпайт.

Резиденциялар премиум-класстагы материалдар менен толук жасалгаланып, орнотулган ашкана менен тапшырылат. Болгону эмеректерди жана декор элементтерин кошуу жетиштүү. Кардарлар өздөрүнө ылайыктуу турак жай түрүн — вилланы, таунхаусту же апартаментти тандай алышат.

Комплекстин аймагында ресторандар, SPA-борбор, жабык жана ачык бассейндер, спорттук аймактар, теннис корттору, падел-корттор жана мини-футбол аянтчалары жайгашкан. Ошондой эле бир нече унаа токтотуучу жай жана электр унааларын кубаттоочу станциялар каралган.

Мейманкана сервиси жыл бою иштейт. Жер тилкеси куруучу компаниянын менчигинде болуп, ага карата кызыл китеп бар.

Marrakesh Residence — жеке мейкиндикти жана Ысык-Көлдүн кооз жаратылышын баалаган, шаардын ызы-чуусуна караганда көл толкундарынын үнүн артык көргөндөр үчүн эң сонун тандоо.

Насыялоо программасынын шарттары

№КөрсөткүчШарттары
1Насыянын түрүИпотека
2Насыянын максатыКомпаниядан кыймылсыз мүлк сатып алуу
3Насыянын суммасы500 000 сомдон баштап
4Насыянын валютасыСом
5Насыянын мөөнөтү12 айдан 96 айга чейин
6Карыз алуучу үчүн кыймылсыз мүлктүн 1 чарчы метринин баасы1 700 АКШ долларынан кем эмес
7Компания тарабынан белгиленген кыймылсыз мүлктүн 1 чарчы метринин баасыНасыянын мөөнөтүнө карабастан, 1 500 АКШ долларынан кем эмес
8Банк комиссиясыКыймылсыз мүлктүн ар бир чарчы метри үчүн 200 АКШ доллары. Насыянын мөөнөтүнө карабастан.

9. Жылдык пайыздык чендер

Насыянын мөөнөтүЖылдык пайыздык ченБанк комиссиясы (1 чарчы метр үчүн)Комиссия төлөнгөндөн кийинки жылдык пайыздык чен
36 ай16%200 АКШ доллары0%
48 ай16%200 АКШ доллары7%
60 ай16%200 АКШ доллары8%
72 ай16%200 АКШ доллары10%
84 ай16%200 АКШ доллары11%
96 ай16%200 АКШ доллары11%

10. Өздүк каражаттар

Сатып алынуучу кыймылсыз мүлктүн наркынын кеминде 10%ы

11. Кепил

Кеминде 1 кепилдик берүүчү талап кылынат

Кантип ипотека алууга болот?

1 КАДАМ

Керектүү документтерди даярдаңыз

2 КАДАМ

Өтүнүч кагазын толтуруүз

3 КАДАМ

Банкка кайрылыңыз

Толтурулган өтүнүч кагазы жана керектүү документтер менен Банктын каалаган бөлүмүнө кайрылыңыз

4 КАДАМ

Толтурулган өтүнүч кагазы жана керектүү документтер менен банктын каалаган бөлүмүнө кайрылыңыз Кароо

Өтүнүчүңүз 5 календардык иш күндүн аралыгында каралып, андан соң сизге Банк чечимин билдирет*

right.png

*Насыя өтүнүч кагазын кароо мөөнөтү Банктын чечими менен узартылышы мүмкүн

Насыянын мөөнөтүн жана суммасын тандаңыз

1 ай

1 ай60 ай120 ай
0 KGS

1 %

1 ай

Калькулятордун эсеби болжолдуу болуп саналат. Жеке шарттарды арыз менен кайрылгандан кийин билсеңиз болот.

Өнөктөш тууралуу маалымат

Бишкек шаарындагы сатуу бөлүмү:
Матросов көчөсү, 1/2, Passage соода борбору, 2-кабат.

+996 888 120-120

+996 880 120-120

internet-icon.svg
marrakesh.kg