Банк эсеби
Банк эсебин ачуу жана тейлөө
Кыргыз сому жана чет элдик валюталардагы банктык эсептерди жеке жактарга ачуу Банк тарабынан инсандыгын тастыктаган документтер болгон учурда гана ишке ашырылат.
Эсеп ачуу жана банктык картаны чыгаруу 2-3 банктын иш күнүнүн ичинде жүргүзүлөт. Картаны алуу үчүн инсандыгыңызды тастыктаган документ менен кайрылыңыз.
Кардарларга эсеп ачылган филиалга карабастан, Банктын каалаган филиалында эсеп боюнча операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгү берилет.
Керектүү консультацияларды DemirBankтын филиалдарынын бирине кайрылып же кардарларды колдоо кызматына күнү-түнү чалып алсаңыз болот: +996 312 610 610, 610 613, 2222.
Эсеп ачуу тарифтери
Кардарлардын эсептерин тейлөө менен DemirBank ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт:
- Кардардын эсебине улуттук жана чет элдик валютада акча каражаттарын накталай же накталай эмес түрдө чегерүү;
- Кардар тарабынан берилген көрсөтмөлөрдүн негизинде улуттук жана чет элдик валютада төлөмдөрдү жана акча каражаттарын которууларды ишке ашыруу. Кардардын эсебинен төлөмдөр жана которуулар анын өзүнүн көрсөтмөсү боюнча же тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн ишеним катка ээ болгон үчүнчү жактын көрсөтмөсү боюнча гана жүргүзүлөт;
- Кардардын эсебинен улуттук жана чет элдик валютада накталай акча берүү. Банк кардардын эсебиндеги бардык чыгаша операцияларды эсептеги жеткиликтүү сумма чегинде гана жүргүзөт;
- Кардардын талабы боюнча учурдагы эсеп тууралуу көчүрмө/деталдаштырылган маалымат берүү;
- Эсепти пайдалануу боюнча маалымкат жана ишеним кат берүү;
- Валюта алмаштыруу операциялары.
DemirBank сиздин эсебиңизде/эсептериңизде жасалган операциялар боюнча "Санариптик билдирүүлөрдү алуу" кызматын сунуштайт.
Тарифтик пакеттер:
- Базалык — акысыз. Базалык пакет боюнча билдирүүлөр акысыз берилет.
- Стандарт — айына 75 сом. Бул пакет бардык эсептериңиз боюнча акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө күнү-түнү (24/7) билдирүүлөрдү алууга мүмкүнчүлүк берет.
- Премиум — айына 150 сом. Бул пакет карта жана эсептер боюнча каражаттардын кыймылы тууралуу кеңейтилген билдирмелер. Мындан тышкары, күн сайын бардык операциялар боюнча толук көчүрмө аласыз.
- Эл аралык — айына 300 сом. Эгерде банк системасында негизги байланыш номери катары чет өлкөлүк номер көрсөтүлгөн болсо, бул пакет автоматтык түрдө туташтырылат. Бул пакет чет өлкөгө билдирүүлөрдү жөнөтүүнү камтыйт.