Интернет-Банкинг

Салыктар

Салыктарды онлайн төлөңүз – тез жана ыңгайлуу! Эми сиз DemirBank’тын Интернет-банкингинде «Мамлекеттик кызматтар» бөлүмүндө салыктарды эсептеп, төлөй аласыз. Бул функция бардык салык түрлөрү үчүн жеткиликтүү.

Башка салыктарды төлөө:

internet-banking-4.png

  1. Өзүңүздүн же башканын ИЖН текшериңиз же киргизиңиз;
  2. Районду жана айыл аймагын тандаңыз;
  3. Салык түрүн жана бюджеттик классификация кодун тандаңыз;
  4. Салык төлөө тартиби менен таанышып, «кушбелги» белгисин коюңуз;
  5. Керектүү сумманы киргизип, «Улантуу» баскычын басыңыз;
  6. Маалыматты текшерип, «Ырастоо» баскычын басыңыз — даяр!

Кыймылсыз мүлк үчүн салык төлөө:

internet-banking-2.png

  1. Өзүңүздүн же башканын ИЖН текшериңиз же киргизиңиз;
  2. Кыймылсыз мүлктүн КМБ кодун киргизиңиз;
  3. Салык мезгилин жана мүлк түрүн тандаңыз;
  4. Кошумча коэффициенттерди киргизиңиз;
  5. Салык төлөө эрежелери менен таанышып, ошол пунктту «кушбелги» менен белгилеңиз;
  6. «Салык суммасын эсепте» баскычын басыңыз;
  7. Эсептөөнү текшерип, «Ырастоо» баскычын басыңыз — даяр!

Кыймылдуу мүлк үчүн салык төлөө:

internet-banking-3.png

  1. Өзүңүздүн же башканын ИЖН текшериңиз же киргизиңиз;
  2. Унаанын мамлекеттик номерин киргизиңиз;
  3. Салык мезгилин жана транспорт түрүн тандаңыз;
  4. Салык төлөө эрежелери менен таанышып, ошол пунктту «кушбелги» менен белгилеңиз;
  5. «Салык суммасын эсепте» баскычын басыңыз;
  6. Эсептөөнү текшерип, «Ырастоо» баскычын басыңыз — даяр!

Салык ийгиликтүү төлөнгөндөн кийин сизге ырастама берилет жана дароо түбүн басып чыгара аласыз.

DemirBankтын акча которуудагы тарифтери
Салыктын кайсы түрлөрүн Интернет-банкинг аркылуу төлөсө болот?
ИБ аркылуу жеке жактар жана жеке ишкерлер төлөй ала турган салыктардын түрлөрүСалыкты төлөө мөөнөтү
Айыл чарбасына багытталган жер салыгы 1) Салыктын 20%ы – быйылкы жылдын 25-апрелинен кийинки күндөн кечикпестен төлөнүшү керек;
2) Салыктын 25%ы – быйылкы жылдын 25-августунан кийинки күндөн кечикпестен төлөнүшү керек;
3) Салыктын 55%ы – быйылкы жылдын 25-ноябрынан кийинки күндөн кечикпестен төлөнүшү керек
Айыл чарбасына багытталбаган жер салыгы Ар үч айда, учурдагы кварталдын биринчи айынын 20-сынан кийинки күндөн кечикпестен.
Үй жанындагы участоктор үчүн жер салыгы (үй жанындагы, кожолук жана бакча участокторун камтыйт).Жыл сайын, үстүбүздөгү жылдын 1 - сентябрынан кечикпестен.
Ишкердик үчүн колдонулбаган кыймылсыз мүлк салыгы.Ар жыл сайын, жылдын 1-сентябрынан кийинки күндөн кечикпестен.
3-группадагы ишкердик үчүн колдонулуп жаткан кыймылсыз мүлк салыгыКвартал сайын, учурдагы ар үчүнчү айдын 20-сынан кийинки күндөн кечикпестен, ушул жыл ичинде тең бөлүктөр менен.
Жеке жактар үчүн транспорт каражаттарына салыктан алынуучу акы.Ар жыл сайын, жылдын 1-сентябрынан кечикпестен.
Мажбурлуу патентке алына турган салык.-
Ыктыярдуу патентке алына турган салык. -
Патент менен иштеген жумушчулар үчүн киреше салыгы.-
Салык төлөөдө комиссия канча болот?
Эгер салыктын суммасы Комиссия*
5 000 сомго чейин5,1 сом
5 001 – 20 000 сом10,2 сом
20 000 сомдон ашык 15,3 сом
(*) - КР мыйзамдарында каралган бардык салыктар жана төлөмдөрдү эске алуу менен.
Төлөмдүн аткарылыш датасы жана статусу анын жүргүзүлгөн убактысына жараша болот
Эгер салыктын суммасы Комиссия*
5 000 сомго чейин 5,1 сом
5 001 – 20 000 сом10,2 сом
20 000 сомдон ашык 15,3 сом
(*) - КР мыйзамдарында каралган бардык салыктар жана төлөмдөрдү эске алуу менен.