Акча которуулар
Улуттук валютада акча которууларды төмөнкү каналдар аркылуу жүргүзө аласыз:
- Банк бөлүмдөрү аркылуу (КЛИРИНГ, ГРОСС, банк ичиндеги которуулар, анын ичинде кредиттик карта боюнча карызды төлөө);
- Интернет-банкинг аркылуу (КЛИРИНГ, ГРОСС, банк ичиндеги которуулар, анын ичинде кредиттик карта боюнча карызды төлөө). Бул үчүн «Толук Режим» функциясы кошулган болушу керек;
- Банк банкоматтары аркылуу (банк ичиндеги которуулар, анын ичинде кредиттик карта боюнча карызды төлөө).
Акча которууларды жүргүзүү үчүн төмөнкүлөр керектелет:
- DemirBankта эсеп ачуу;
- Эсебиңизди которуу суммасына жана комиссияга (эгер КЛИРИНГ же ГРОСС аркылуу болсо) жетиштүү суммага толуктоо;
- Которуу үчүн керектүү реквизиттерди (эсеп номери, БИК, банк аты ж.б.) камсыздаңыз.
Акча которуу системалары
КЛИРИНГ акча которуулары
КЛИРИНГ — Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктар арасында акча которуулардын системасы. Акча жөнөтүүчүнүн эсептик эсебинен алуучунун эсептик эсебине которулат.
* КЛИРИНГ аркылуу бир төлөм тапшырмасынын максималдуу суммасы — 1 000 000 сомго чейин.
Комиссиялар тууралуу маалыматты бул жерден билсеңиз болот
ГРОСС
ГРОСС КЛИРИНГден ылдамдыгы жана операция көлөмү боюнча айырмаланат. Ири суммадагы жана шашылыш төлөмдөр үчүн колдонулат.
* ГРОСС аркылуу бир төлөм тапшырмасынын суммасы боюнча чектөө жок.
Комиссиялар тууралуу маалыматты бул жерден билсеңиз болот
Банк ичинде акча которуулар
DemirBank ичиндеги которуулар аркылуу сиз акча каражаттарын ылдам жибере аласыз:
- DemirBankта ачылган эсептериңиз ортосунда, анын ичинде кредиттик карта боюнча карызды төлөө үчүн;
- Эсептериңизден DemirBankта ачылган үчүнчү жактардын эсептерине.
DemirBankтын акча которуулар боюнча тарифтери
Улуттук валютада КЛИРИНГ аркылуу акча которуулар боюнча комиссиялар
| Бөлүмдөр/сактык кассалар аркылуу (клиринг убактысынын ичинде, саат 9:00дөн 11:00гө чейин). | |
| 5 000 сомго чейин | 5 сом |
| 5 001 сомдон 100 000 сомго чейин | 50 сом |
| 100 001 сомдон 500 000 сомго чейин | 60 сом |
| 500 000 сомдон жогору | 70 сом |
| Интернет-Банкинг аркылуу 9:00дөн 11:45ке чейин клиринг убактысында | 12 сом |
Улуттук валютада ГРОСС аркылуу акча которуулар боюнча комиссиялар
| Бөлүмдөр/сактык кассалары аркылуу гросс убактысынын ичинде саат 9:00дөн 15:00гө чейин (майрам алдындагы күндөрү саат 14:00кө чейин). | 165 сом |
| Интернет-Банкинг аркылуу гросс убактысынын ичинде саат 9:00дөн 16:00гө чейин (майрам алдындагы күндөрү саат 15:00кө чейин). | 12 сом |
Улуттук валютада ГРОСС аркылуу акча которуулар боюнча комиссиялар
| Банк бөлүмдөрү аркылуу кардардын эсептеринин ортосунда. | Акысыз |
| Банк бөлүмдөрү аркылуу үчүнчү жактардын эсептерине. | 15 сом |
| Интернет - Банкинг аркылуу | Акысыз |
| DemirBankтын банкоматтары аркылуу | Акысыз |
Чет элдик валютадагы акча которуулар
DemirBank SWIFT төлөмдөрүн – дүйнөнүн каалаган жерине чет өлкөлүк валютада (АКШ доллары, ЕВРО, орусиялык рубль, кытай юаны, казак тенгеси жана башка валюталарда) акча которууларды ишке ашырат. SWIFT – бул эл аралык банк аралык акча которуу системасы.
Банк эки түрдөгү SWIFT которуусун сунуштайт:
-OUR – корреспондент банктын комиссиясы жөнөтүүчү тарабынан төлөнөт; -BEN – корреспондент банктын комиссиясы которуу суммасынан кармалат.
* Сиз ошондой эле DemirBankтын бөлүмдөрү жана банкоматтары аркылуу банк ичиндеги чет элдик валютадагы акча которууларды да жүргүзө аласыз.
SWIFT аркылуу акча которуу
- DemirBankтан эсеп ачуу жана реквизиттерди алуу керек. Эгерде сизде эсеп бар болсо — банкка кайрылып реквизиттерди алсаңыз болот же бул жерден жүктөп алыңыз;
- Алынган реквизиттерди акча жөнөтүүчү тарапка бериңиз;
- Реквизиттерде сөзсүз түрдө алуучунун аты-жөнү жана валюталык эсептин номери көрсөтүлүшү зарыл;
- Которуу түшкөндөн кийин жеке документиңиз менен банкка кайрылып, акчаңызды алыңыз.
* SWIFT которуусунун аткаруу мөөнөтү адатта — 3 банктык күндү түзөт.
Чет элдик валютадагы которуулар
Банк ичиндеги которуулар
DemirBank ичиндеги которуулар аркылуу чет элдик валютада ылдам акча которсоңуз болот:
-Өз эсептериңиздин арасында (анын ичинде кредиттик карта боюнча карызды жабууга);
-Өз эсебиңизден башка адамдардын DemirBank'тагы эсептерине.
Картага акча которуулар
Эми DemirBankтын бардык Visa жана MasterCard карталарынын ээлери “Золотая Корона” системасы аркылуу акча ала алышат.
Бул үчүн төмөнкү кадамдарды жасаңыз:
1.KoronaPay мобилдик тиркемесин акысыз жүктөп алыңыз
2.Өзүңүз тууралуу маалыматтарды киргизиңиз: толук атыңыз жана телефон номериңиз
3.“Картама которууну алуу” баскычын басыңыз
4.Картаңыздын номерин киргизиңиз (16 орундуу номер)
5.“Картага которуу” баскычын басыңыз
6.Бүттү!
Ылдам акча которуулар
DemirBank өз кардарларына дүйнөнүн каалаган чекитине акча каражаттарын ЫЛДАМ жана ИШЕНИМДҮҮ жөнөтүүнү/кабыл алууну сунуштайт.
Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык акча которуу системасы аркылуу келген акча которуу алуучуга жиберүүчү өлкөнүн валютасында, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынан — сомдон айырмаланган валютада берилет.
Кыргыз Республикасынын аймагынан жөнөтүлгөн эл аралык акча которууну кайтаруу/жокко чыгаруу жөн гана акча жөнөтүлгөн өлкөнүн валютасында же улуттук валютада (сом) жүргүзүлөт.
Эл аралык акча которуу тутуму аркылуу келген которууну башка валютага айлантуу (конвертациялоо) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Акча которууну конвертациялоо Кыргыз Республикасынын банктары тарабынан накталай чет элдик валютаны алмаштыруу тартибине ылайык, маалыматтык тактада көрсөтүлгөн сатып алуу жана сатуу курсунун негизинде гана жүргүзүлөт. Бул тартип Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында накталай чет элдик валютаны алмаштыруу операцияларын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо” менен жөнгө салынат.
(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагалыгынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/6, 2018-жылдын 13-сентябрындагы № 2018-П-14/37-3-(ПС), 2020-жылдын 18-мартындагы № 2020-П-14/12-2-(ПС), 2022-жылдын 18-апрелиндеги № 2022-П-14/24-1-(ПС), жана 2022-жылдын 27-июлундагы № 2022-П-14/47-6-(ПС) токтомдоруна ылайык жаңыртылган редакция). https://www.nbkr.kg/contout.jsp?item=106&lang=KG&material=109883