Телефон менен төлөп — Мальдив аралдарына саякат утуп ал!

DemirBankтын Mastercard картасы менен Apple Pay, Google Pay же Garmin Pay аркылуу күнүмдүк сатып алууларың үчүн төлө да, эки адамга арналган Мальдив аралдарына бир жумалык саякатты утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ бол!

2026-жылдын 26-октябрынан саат 12:00дөн тартып 31-декабрдь кошо алган мезгилге чейин ар бир төлөм үчүн 100 сомдон кем эмес суммага сатып алууларды жүргүзүп, байгелердин ойнотулушуна катыш!

Эмнелерди утуп алууга болот?

  • Башкы байге — Бишкек шаарынан учуп чыгуу менен эки адамга арналган Мальдив аралдарына бир жумалык саякат;
  • 4 даана iPhone 18 Pro Max 512 GB;
  • 5 даана Apple Watch 12.

Кантип катышууга болот?

    1. DemirBankтын Mastercard картасын Apple Pay, Google Pay же Garmin Pay кызматына кош.

    2. POS-терминалдар аркылуу телефон же акылдуу саат менен 100 сомдон кем эмес суммага сатып алуулар үчүн төлө.

Кадимкидей эле сатып алууларды жаса — акцияга автоматтык түрдө катышасың! Арыз берүүнүн же кошумча каттоодон өтүүнүн кереги жок.

Эгер DemirBankтын Mastercard картасын Apple Pay, Google Pay же Garmin Pay аркылуу колдонуп жүрсөң, сатып алуулар үчүн төлөөнү уланта бер.

Картаң азырынча жокпу? Анда акция өтүп жаткан мезгилде DemirBank тиркемеси аркылуу Mastercard картасын таризде. Узун кезектерсиз жана күтүүсүз эле санариптик картаны ачып, акциянын катышуучусу бол!

Маанилүү: акцияга Apple Pay, Google Pay же Garmin Pay аркылуу төлөнгөн веб-сайттардагы жана мобилдик тиркемелердеги онлайн-сатып алуулар да катышат.

Жеңүүчүлөр кантип аныкталат?

Байгелер акциянын шарттарына ылайык жүргүзүлгөн сатып алуулардын утуштуу катар номерлерине ээ болгон катышуучуларга берилет:

  • Ар бир 1 000-сатып алуу үчүн — Apple Watch 12. Жалпы 5 байге.
  • Ар бир 1 500-сатып алуу үчүн — iPhone 18 Pro Max 512GB. Жалпы 4 байге.
  • 10 000-сатып алуу үчүн — Бишкек шаарынан учуп чыгуу менен эки адамга арналган Мальдив аралдарына бир жумалык саякат.

Катар номерлери акциянын шарттарына жооп берген бардык катышуучулардын сатып алууларынын жалпы кезектүүлүгүнө жараша аныкталат. Бир катышуучу бирден ашык байге утуп ала албайт.

Акциянын жыйынтыгы шарттардын аткарылышы текшерилгенден кийин 2027-жылдын 18-январында чыгарылат.

Күнүмдүк сатып алууларың унутулгус саякаттын башталышы болсун!

Маанилүү! Акцияга акча которуулар; накталай акча алуу; QR-код аркылуу төлөмдөр; POS-терминалдарда картаны түз колдонуу аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөр; жокко чыгарылган жана кайтарылган сатып алуулар катышпайт. Катышуучуларга жана операциялардын айрым категорияларына карата чектөөлөр каралган.

Акциянын толук эрежелери жана шарттары бул жерде.