Туркия Республикасы Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү
Турецкая республика оказала гуманитарную помощь Кыргызской Республике
6-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Турция мамлекетинин Президенти Реджеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында, 2020-жылдын 7-июлунда саламаттык сактоо тармагына гуманитардык жардам берүү боюнча эки мамлекеттин ортосундагы түшүнүшүү Меморандумуна кол коюлган.
Турция мамлекетинен гуманитардык жардам Кыргызстанга 15-июль күнү келди. «Turkish airlines» авиакомпаниясынын учагы гуманитардык жардам менен «Манас» Эл аралык аэропортуна бүгүн, саат 11.00дө конду.
Коронавируска каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жардам төмөнкү медициналык жабдуулардан турат:
- 20 өпкөнү жасалма дем алдыруу (ИВЛ) аппараттары;
- 50 кычкылтек концентратору;
- 20 миң ПЦР-тест комплекти;
- 20 миң вирусту аныктай турган реагенттердин топтому;
- 50 миң N95 коргоочу беткаптары;
- 100 миң хирургиялык беткаптар;
- 35 миң коргоочу костюмдар;2 миң коргоочу беткаптар – козыректор;
- 10 миң гидроксихлорохин дарысынын упаковкасы.