Бул веб-сайттын ээси жана оператору болуп, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында жайгашкан ДКИБ эсептелет. Төмөндө сайтты колдонуу шарттары келтирилген. Бул шарттар Сиз жана и «ДКИБ» ЖАКтын ортосунда ачык макулдашуу болуп саналат. Ушул макулдашуу менен кунт коюп таанышып чыгыңыз. ДКИБ online https://online.demirbank.kg сайтын колдонууну баштап, Сиз ушул макулдашуунун шарттары менен чектелүүгө өз макулдугуңузду билдиресиз. Эгерде Сиз шарттарды кабыл албасаңыз же аларга макул болбосоңуз, ушул веб-сайт менен колдонууну токтоткңуз.

Веб-сайтта көрсөтүлгөн бардык элементтер, анын катарында текст, графика, сүрөттөр, кыймыл-аракеттеги образдар, добуш жана иллюстрациялар жана бардык тиешелүү укуктар ДКИБ мүлкү болуп эсептелет. Бул веб-сайттагы маалыматты көчүргөн же колдонгон учурда, Сиз маалымат булагын көрсөтүүгө милдеттенесиз, башкача айтканда https://online.demirbank.kg ДКИБ веб-сайтына шилтеме жасайсыз. Бул веб-сайттын ар кандай бөлүгүн же элементтерин мыйзамсыз кайра чыгаруу же таркатуу акырында чоң айып пулга алып барышы мүмкүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча жоопко тартылат.

Бул веб-сайттын функцияларында же материалдарында каталардын же тосколдуктардын жок болуусуна кепилдик жок. ДКИБтен көз карандысыз себептерден улам, веб-сайттагы маалымат кечигүү менен жайгаштырылышы мүмкүн жана грамматикалык каталарды камтышы мүмкүн. Бирок, ДКИБ маалыматтын веб-сайтта өз убагында, тыкан, грамматикалык жактан туура жана ишенимдүү жайгаштыруу максатында тиешелүү аракеттерин жасоодо.

Эч кайсы бир кырдаалдарда ДКИБ же бул веб-сайтта аталган үчүнчү жактар, ар кандай келип чыгышы мүмкүн болгон зыяндарга, алардын катарында бул веб-сайттын же шилтемелердеги кандайдыр бир башка веб-сайттын же бул веб-сайттардагы материалдар же кызматтардын колдону учурунда, колдоно албай калгандыктан же колдонуунун натыйжасынан келип чыккан кирешени жоготуу зыяны, маалымат жоготуу же бизнесинин токтоп калуу зыяныны, кепилдик, контракт же ар кандай башка мыйзамдуу документтин негизинде болобу, ДКИБ мындай зыяндардын болушу мүмкүндүгү жөнүндө маалымданган болушуна карабай жооптуу эмес.

ДКИБ эмес, Сиз бул веб-сайтты колдонуунун натыйжасында келип чыккан бардык кызматтар боюнча, оңдоо, түзөтүү боюнча чыгымдарга жооптуусуз. Бул шарттар Сиз жана “ДКИБ” ЖАКтын ортосундагы бул веб-сайттын колдонуусуна байланыштуу толук макулдашуу болуп эсептелет. ДКИБ бул шарттарды өзгөртүү укугун сактап калат жана Сизге болочок өзгөрүүлөр жөнүндө маалымдуу болушуңуз үчүн мезгил-мезгили менен бул баракка кирип турууңузду сунуш кылат, себеби алар түздөн түз Сизге тиешелүү.