Card Plus деген эмне?
Продуктунун артыкчылыктары
*Card Plus Стандарттык тарифтер
6 айга | 9 % |
9 айга | 13.5 % |
12 айга | 18 % |
Биздин өнөктөштөр
Сиз Демир Банктын уникалдуу Card Plus программасын ар дайым жана бардык жерде колдоно аласыз. 500дөн ашык өнөктөштөр, тизме толукталып, күн сайын өсүп турат. Бул эми банкка товарды бөлүп-бөлүп сатып алуу үчүн ары-бери чуркап, сертификаттарды чогултуунун кереги жок, биздин кредиттик картабыз болсо жетиштүү.
Мен партнер болгум келет
Card Plus кантип иштейт?
Товарды тандап алыңыз (анын баасы + % сиздин аныкталган лимитиңизден ашпашы керек).
Бөлүп төлөөнүн каалаган мөөнөтүн тандаңыз да, сатып алууну дароо аткарыңыз.
Ийгиликтүү төлөмдөн кийин сизге төлөө графиги (POS-терминалдан чек түрүндө) басылып чыгарылат жана өткөн айдын көчүрмөсүнө ылайык, кредиттик карта боюнча карыздын төлөө мөөнөтү аяктаганда ай сайын төлөнүүчү төлөмдөр сиздин эсебиңизден автоматтык түрдө чыгарылат.
Сиздин CARD + лимитиңиз
Таблицаны толтуруңуз, система Банк сизге сунуш кыла турган максималдуу Card Plus чегин автоматтык түрдө эсептеп чыгарып берет
Демир Банктан кредиттик картаны кантип алса болот?
- Card Plus лимити бар кредиттик картаны алуу үчүн Сиз банктын каалаган филиалына паспорт менен барышыңыз керек, ошондой эле сизде акыркы алты айдагы эмгек акы тууралуу маалымкат (же кирешеңизди тастыктаган башка документтер) болушу керек.Түшүндүрмө: эгерде сиз биздин Банк аркылуу эмгек акыны алсаңыз, кирешеңизди тастыктаган маалымат талап кылынбайт (сизден 2222 номерине чалууну суранабыз, балким сизге карта чыгарылган).
- Банктын кызматкери сиздин кредиттик картаны чыгарууга арызыңызды кабыл алат.
- Картаны чыгаруу жактырылган болсо, 10 жумушчу күндүн ичинде сизге кредиттик картаңыздын даярдыгы тууралуу SMS билдирүү келет.
- Кредиттик картаны алыңыз жана дароо жана эч кандай кооптонбостон бөлүп төлөөнү тариздеңиз.