Кредиттик карта боюнча карызды жоюунун бир нече ыкмасы бар, Сизге ыңгайлуу болгонун тандаңыз:

  1. АЙ САЙЫН төлөө күнү автоматтык түрдө карызды жоюу үчүн керектүү сумманын эсепте болуусун камсыздоо.
  2. Кредиттик карта боюнча карызды МӨӨНӨТҮНӨН МУРУН жоюу/овербалансты толуктоо:

    • DemirBank банкоматы аркылуу: кредиттик картаны банкоматка салып, «Көчүрмө боюнча төлөө» менюсун тандаңыз;
    • DemirBankтан Интернет-Банкингдин «толук режими» аркылуу
    • DemirBank филиалдардын кассаларында, POS-терминал аркылуу

Кредиттик карта боюнча мурунку айдын көчүрмөсү:
  • -Төлөм картасына арызда көрсөтүлгөн электрондук дарекке жөнөтүлөт
  • -Интернет-Банкингде өз алдынча түзүлөт
  • -Же банкта берилет.
ЖЕҢИЛДЕТҮҮ МӨӨНӨТҮ

Сатып алуу болуп өткөндөн тартып кийинки төлөө күнүнө чейинки пайызсыз мөөнөт, накталай эмес төлөмдөргө гана колдонулат.

Мисал:  

Кредиттик лимит 5000 сом болгон учурда, Кардар 03.09.20xx (сатып алуу күнү*) күнү 1500 сом суммасына "LC Waikiki" дүкөнүнөн, ПОС-Терминал аркылуу кредиттик карта менен төлөп буюм сатып алды. 05.10.20xx (карызды төлөө күнү) күнүнө чейин колдонулган кредиттик лимит үчүн пайыз эсептелбейт – бул жеңилдетүү мөөнөтү болуп эсептелет.

МААНИЛҮҮ! Эгерде картанын колдонуучусу кредиттик картадан банкомат аркылуу же Банктын кассасынан накталай акча алса, колдонулган күндөрү үчүн алынган суммага (Банктын тарифтерине ылайык) пайыз кошулуп эсептелет. 

(*) – Сатып алуу күнү ар кандай болушу мүмкүн, бирок төлөө күнү (насыя келишиминин шарттарына жараша) сөзсүз түрдө белгилен бир күн болот.